super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Казакстандын өкмөт башчысы менен Кыргыз-Казак кызматташуусун талкуулады

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстанга жасаган иш сапарынын алкагында 26-декабрь күнү өлкөнүн премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, тараптар жолугушууда Кыргыз-Казак кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана ЕАЭБдин алкагында мындан ары кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алмашышты.

Сагинтаев өз сөзүндө: "Сиз бир жарым жыл премьер-министр болуп иштегенсиз, ошондуктан эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелерин жакшы билесиз. Эки өлкөнүн өкмөттөрү актуалдуу маселелер боюнча өз ара аракеттенүүсүн мындан ары уланта берет. Казак тарап бардык маселелерди, анын ичинде жол картасын ишке ашыруунун алкагындагы өз учурунда жана ыкчам чечүүгө чечкиндүү. Президентибиз Нурсултан Назарбаев ар дайым казакстандыктарга кыргыз элинен жакын эл жок деп баса белгилеп келет”, - деп айтты.

Тараптар кол коюлган жол картасын ишке ашыруу маселелерин дагы козгоп өтүштү жана бардык маселелерди эки өлкөнүн элдери ЕАЭБге кошулгандыгынын артыкчылыктарын сезгидей чечүү керек экендигин баса белгилешти.

Ошондой эле тараптар суу курулмаларын жана ресурстарын биргелешип сарамжалдуу пайдалануу тууралуу маселелерди дагы талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: