super.kg logo

Депутат: "Мектептерде аптанын 6 күнү окуган Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан эле бар"

 

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында мектептерди 6 күндүк окуу жумалыгынан 5 күндүк окуу жумалыгына өткөрүү боюнча мыйзам долбоору талкууланууда. Демилгечилердин бири Дастан Бекешев мектептерде сабактарды сандан сапатка өткөрүү керектигин айтты.

Депутаттар 5 күн иштеп, мугалимдер 6 күн иштеп жатат деген маселе жатат. Ар бир өлкөдө стандарт болушу керек. Ал стандартка жооп бербесек, 36-40 саат окуган балдарга оор келиши мүмкүн. Бул билим сапатына терс таасирин бербейт.

Башка өлкөлөр бул маселени эчак чечишкен. Мындай стандартка өтө элек Кыргыз өлкөсү, Тажикстан эле калды. Орусия да 5 күндүккө өтүп кеткен. Балдар канча көп окуса ошончо жакшы болот деп ойлочумун. Бирок андай эмес экен, билим алууда балдарга канча басым аз болсо, ошончо алар көп нерселерди өздөштүрө алат”, - деди Бекешев.

Демилгечилер билдиришкендей, бул стандартка өтүү менен бир канча сабактар кыскартылышы мүмкүн.

Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыканов учурда өкмөттүн токтомуна ылайык жаңы стандарттар иштелип жатат. "Кийинки окуу жылына чейин кайсы сабактар кыскартылышын карап чыгабыз. Мугалимдердин айлыктары кыскарбайт, буга тиешеси жок. Жумалык окуу программасына эле тийиштүү”, - деди Шадыканов.

Төрага Дастан Жумабеков Билим берүү жана илим министрлигин англис, орус, кыргыз тилдери боюнча сабактарды кыскартпоого чакырды. Талкуунун жыйынтыгы менен депутаттар бул мыйзам долбоорун 2-окууда добуш берүүгө жиберди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
27.12.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба тажап кетесин
27.12.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияда 6күн
окушат кээ бир региондо 5
27.12.2017. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
татарстанда 6 күн окүшат почти бардык жерин саат 15:00 чейн окушат
27.12.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш кун окуйтко. Бизде дагы.
6-кун 9-класстар эле окуйт. Уч сабак отот.
27.12.2017. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колунан келгендер жеткирип койгулачы жадатты 64 директору.Мугалимдерде айып жок.400 сомду жок кылсын.4 класска чейинкилер 350 сом берет аны тамака дешет 5 тен жогору 400 8 ден жогору 500 берет
27.12.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Январдан баштап киргизгиле .64 мектепти неге текшербейт?Неге ай сайын 400 сом алат фонтко деп?Башкаларда албайт кее биринде 100 сом?
27.12.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда көп жерде 5 күн окушатго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: