super.kg logo

Бишкекте "апокалипсис". Мэрия жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы дагы "уктап калдыбы"?

 
Күтүүсүз эмес, кыш мезгилинин алгачкы айы аяктап баратканда, 27-декабрда түндө жаап баштаган карга шаар тургундары жана муниципалдык "Тазалык" ишканасы даяр эместей көрүнөт. ӨКМ жана Кыргызгидромет 3 күндөн бери аба ырайы кескин өзгөрүп, кардын жаашы күтүлүп жаткандыгын маалымдаганына карабастан борбор калаанын башкы көчөлөрүнүн көбү кардан тазаланбай, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратууда.
Интернет колдоонуучулар Бишкекте "апокалипсис" орун алып, кардын мындай көп көлөмдө жаашына шаардын тургундары гана эмес тийиштүү органдар - мэрия, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын даярдыгы жок экенин белгилешүүдө.
Шаар тургундары бүгүнкү күн жол тыгынына байланышкан жумушка кечигүүлөр менен башталганын жазышууда. Бир четинен кардын тазаланбаганы жол тыгынын пайда кылса, дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыра элек айдоочулар экинчи себеби болгонун, көчөлөрдө муну көзөмөлгө алган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бир дагы кызматкери жок экенин белгилешкен.
Ошондой эле шаардын көптөгөн райондорунда электр жарыгынын өчүрүлгөнү маалым болду. Калың жааган карды көтөрө албай ийилип, сынайын деп калган бактардын саны шаардын көчөлөрүндө көп экенин, алар шаар тургундарынын өмүрүнө коркунуч келтирип жаткандыгын шаардыктар билдиришүүдө.
Бишкек шаарындагы көчөлөрдү кардан тазалоо иштери кандай жүрүп жатат деген суроо менен муниципалдык "Тазалык" ишканасынын басма сөз кызматына кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык: "Бишкек шаарында 19 кар тазалоочу, 2 кум чачуучу машина, 2 жүк ташуучу машина, 5 трактор таңкы саат 4:00дөн тартып шаарды кардан тазалоодо. Ошондой эле 516 жумушчу жөө жүргүнчүлөр жүргөн жолдорду кардан жана муздан тазалап жатышат".
Мындан сырткары, бир сутка ичинде 60 тонна кум жана 7 тонна туз колдонулганын, азыркы тапта да жумушчулар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышканын кошумчалады маалымат катчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
27.12.2017. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
10см карга эле ушунча жүдөйбүз, Россиядагыдай 60-70см, 1 метрге чейин жааса кандай болобуз?
27.12.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Jazdyn_tany,20см жаады
27.12.2017. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман эле болсун ушул мерия. Милицияга го эми илгертен соз жок. Эптеп септеп чыгабыз эми кыштан.
27.12.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кышкыга даярдык деп болунгон акчаны да биздин "тойбос"торубуз жеп салышканда...
27.12.2017. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АШАнын медаль таккан мери эмне эшек такалап жатабы.
27.12.2017. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kenjebek_a,медалын кар басып калбасын деп жааган кардан калкалап жатса керек да))) Элдин көйгөйүнөн медаль важнее для них!!!
27.12.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Даже 1 метр жаабайбы. Туну куну тынбай тазала на и ,,государства,, тыштан карыздар алышып карапайым жарандардын моюнуна илип жатат бийликтеги соройлор. Анан Бир жолду тазалаганга Каражат болушпойт. Тышкы карыздын айынан жаны торолгон бобокторубуз жолок пул ала алышпайтат
Дарыгер түзөттү 2017-12-27 15:57:01
27.12.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизге Ленин баш болгон адамдар ишке ашырган революциядай революция керек болуп калды окшойт. Министр депутаттарды алардын туугандарын кошо кулакка тартып. Элдин эсебинен байыган байлыктарын мамлекетке откозуп. Сургунго Алайкуу Чон Алай Ак Суу тарапка айдап.
27.12.2017. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кар жааса да милиция күнөөлүбү
27.12.2017. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун борбордук кочолорунун дээрлик копчулугу шыйфер го. Жон эле быдырайт. Карлар ээрип тонуп, кыскасы хадавойдун шору.Басумдуу болугу А́хунбаев Советский кесилиши тарап. Белинка жак жы́лтырайт жарыктык...
27.12.2017. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Такси зынк болду да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: