super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Көк-Серек айылында катуу шамал катталды: электр жарыгы өчкөн, окуу токтотулду, чатырларды учуруп кеткен" дейт окурман

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылында да катуу шамал катталганын окурман "Элдик кабарга" билдирди.

Анын айтымында, 27-декабрга караган түнү болгон катуу шамал айылдагы Токтогул Сатылганов атындагы Nº24-мектептин чатырынын жарымын учуруп кеткен.

"Мындан тышкары катуу бороон айылдагы маданият үйүнүн чатырын толугу менен алып кетти. Ошондой эле айылдагы бир нече үйдүн шиферлери сынып, талкаланып калды. Бак-дарактар кулап, электр зымдары үзүлдү. Учурда айылда электр энергиясы жок. Мектепте окуу токтотулду. Айыл өкмөттөн өкүлдөрдүн келиши күтүлүүдө", - деп жазылат окурмандын маалыматында.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: