super.kg logo
  Саясат  

Орусия ТИМи: "Сырттан келген коркунучту токтотууга Кыргыз мамлекетиндеги бир орусиялык аскер базасы жетиштүү"

 

"Сырттан келген коркунучту токтотууга Кыргыз мамлекетинин Кант шаарында жайгашкан орусиялык аскер базасы жетиштүү", - деп Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин "Коммерсантъ" гезитине берген маегинде билдирди.

"Кыргыз өлкөсү Жамааттык коопсуздук келишим уюмунда, Евразиялык экономикалык биримдигинде биздин шериктешибиз. Ошондуктан Кыргыз жетекчилигинин демилгелерине дайыма көңүл бурабыз. Канттагы базабыз сырттан келген коркунучту токтотууга жетиштүү деп эсептейбиз. Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун жеңишке жеткени Кыргыз мамлекетиндеги маанилүү ички саясий окуялардын бири болду", - дейт.

Белгилей кетсек, 2003-жылы сентябрь айында Орусия Кыргыз өлкөсү менен Кант шаарына аскердик базасын жайгаштыруу үчүн 15 жылдык келишим түзгөн. База Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында ачылган. 2012-жылы кабыл алынган келишим кайра каралып, аскердик базанын мөөнөтү дагы 15 жылга узартылган. Бул келишим 2017-жылдын январь айында күчүнө кирген. Келишимге ылайык, он беш жылдык мөөнөт менен 2032-жылга чейин орусиялык база Кыргыз өлкөсүндө ишин улантат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: