super.kg logo

Министр жөлөк пул берүү мөөнөтү 3 айга эмнеге жылдырылып жатканын депутаттарга кайра түшүндүрдү

 

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында балдарга жөлөк пулду берүү мөөнөтүн 3 айга жылдырууга багытталган мыйзам долбоору 2 жана 3-окууда каралууда. Анда жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамды кайра иштеп чыгуу үчүн үч айга жылдыруу сунушталат. Депутат Айнуру Алтыбаева үч айдан кийин бул мыйзамда кандай өзгөчөлүктөр киргизиле турганына кызыкты. Ага эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова жооп берди.

Так айта албайбыз, чыгып кала турчу балдардын санын тактоо кыйынчылык жаратып жатат. Экинчиден, бул норма боюнча балдар 500 сомдон алып калып жатат. Буга чейин 810 сомдон берилип келген. Бул да нааразычылыкты жаратышы мүмкүн.

Учурда нормативдик база иштелип жатканда кемчиликтер байкалды. Анда 30 миңдей бала жөлөк пул ала албай калып жатат. Бул "үчүнчү баладан баштап жөлөк пул алып калат" деген нормага туура келип жатат. Ошондуктан өкмөт сүйүнчү пул боюнча норма иштей берсе, калган жаңы өзгөрүүлөр боюнча үч ай убакыт сурап жатабыз", - деп жооп берди министр.

Исакунова 5-6 баласы бар үй-бүлөлөр да биринчи, экинчи баласы үчүн жөлөк пул албай калышы мүмкүн экенин белгилеп, бул норманы иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев да бул маселе боюнча оюн айтты. “Мыйзам абдан чийки болгон. Даярдалып жатканда өкмөт, биздин адистер тарабынан катачылык кеткен. Биз акыйкатсыздыкты оңдоп келели деп жатабыз”, - деди Шадиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.12.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болуп жатат.кылыш керек антебиз мынтебиз тойгозду эн жонокой жолок пулду Али чечип бутолек болсо
Январ жакындаганда тоок жумуртка келгенде места издейттен болуп
Ушул кунгочейин эмне кылып журду дееги эле эн жонокой жолок пулду чечалбаса
Эмне кылышып ол турат ошого тан калам
Даагы уйундо светной телевизорун бар экен энендин смартфон телефону бар экен деп бербей койбосо эле болду
27.12.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен түшүнбөдүм.айтып коюңуздарчы буга чейин пособие алып жүргөндөргө да токтотулабы.
27.12.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул айтып жаткан жаңы мыйзам кучунө кире турган болсо анда элдин 70пайызы пособие албай калат буну дыкат иштеп чыкпаса бул жакшылыкка алып келбейт пособие менен тиричилик кылгандар кантет?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: