super.kg logo

Депутат балдарга жөлөк пул боюнча мыйзам чийки жазылып калганына күнөөлүүнү жоопко тартуу керектигин айтты

 

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңеште балдарга жөлөк пулду берүү мөөнөтүн 3 айга жылдыруу маселеси каралууда. Анда депутат Чыныбай Турсунбеков жөлөк пул боюнча мыйзам учурунда шашылыш кабыл алынган саясий чечим болгонун айтты.

Бул мыйзамды шашып, саясий чечим кылып кабыл алганбыз. Эмнеге иштебей кайра келип калды. Балдардын баары алганы жатат деп айтып, эми кайра даректүүлүккө, мурдагы нормага кайтып жатабыз. Бюджетке зыян келбейт деп баарыбыз айтканбыз. Эми эч ким күнөөлүү болбой калдыбы? 6 айдан кийин кайра кайрылып, үч айдан кийин кайра карап жүрө бербей, бул баш аламандыкка жол берген бирөө жоопкерчиликтүү болушу керек”, - деди Турсунбеков.

Социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова ким ката кетиргени боюнча жооп бере алган жок. Ал тек гана жөлөк пул берүү боюнча учурда иштеп жаткан мыйзамдын эскилигинен улам өкмөт бул өзгөртүүлөргө макулдук бергенин айтты.

Бүгүнкү мыйзам 1998-жылдан бери иштеп келе жатат. Ал мыйзам эскирип иштен чыгып калды. Бул мыйзамда жаңылануулар бар. Ошондуктан өкмөт убагында колдогон”, - деп жооп кылды Исакунова.

Чыныбай Турсунбеков бул мыйзам дароо 2-3-окууда каралып жатканын белгилеп, Жогорку Кеңеш менен өкмөт шашып кайра эле ушул катачылыкка жол берилип кетүүсүнөн тынчсызданып жатканын айтты.

Шашып жатып кайра эле ушул маселеге кептелип калышыбыз мүмкүн. Процедураларды сактасак”, - деди Турсунбеков.

Белгилей кетсек, жөлөк пул боюнча мыйзам кабыл алынган учурда Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
27.12.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакылдаган текени Суу кечкенде коробуз дечу беле
27.12.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Текебаевдин орду билинет экен
27.12.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Теке жок мына 120 момпошайлар нени кыйратты
27.12.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анда мартка чейин даагы коптогон дакменттерди чогултуп машинасы халадилниги жок уйу жокторго эле берилет экенда эээ же буларгада жок болдубу 3 ай
27.12.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде номер бир куноолуу - Карамат Орозова деген депутат, мыйзамды чийки жазган, элди ойлобой!!! Ошону мандаттан ажыратуу керек...

Ал эми министрлер депутаттар астында бужуроп онго бас десе онго басат, солго бас десе солго басат.

Анан экинчи орунда куноолуулор ошол мыйзамга "макул" деп добуш берген депутаттар менен ошол мыйзамга кол койгон Атамбаев куноолуу... Булар баары элден кечирим сурашы керек, мыйзамды болсо башынан ондоп жазып чыгуу керек...
27.12.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
120 депутаттын башы жетпей жатса мен подсказка берейин...

1) Мыйзамдагы суйунчу пул озгортуусуз калсын. Жаны торолуп туулгандыгы тууралуу куболук алган наристеге Окмот бир жолу 4000 сом толоп бериши керек.

2) 3 жашка чейинки БАРДЫК бобокторго Окмот ай сайын 700 сом эмес, 900 сомдон толоп берсин.

3) ЖАРДАМГА МУКТАЖ, ЖАШОО ШАРТЫ НАЧАР уй-булолордун гана 3-16 жаш арасындагы балдарына Окмот ай сайын 500 эмес, 700 сомдон толоп берууго милдеттендирилсин.
27.12.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйунчу пул, жолок пулдар ата-эненин тандоосу боюнча жашаган аймактагы почта болумунон же банк карточкасын ачтырып банк карточкасынан алса боло турган кылыш керек...

Жардамга муктаж уй-булолорду аныктоо учун реальный критерийлер керек, телевизор, холодильник, шалдырак машинеси бар болсо берилбейт дебестен...

Анан ошол жардамга муктаж уй-булолорду аныктап документ чогулткан соц.адистер ар бир баланын бир жылдык жолок пулунун 1-2 айлык акчасын оз чонтогуно "согуп" калат.
Too-tash түзөттү 2017-12-27 15:31:19
27.12.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул тармактагы коррупцияны жою боюнча иш алып баруу керек...

Ал эми 3-16 жаш арасы 3тон ашык балалуу уй-булолордун учунчу баласынан баштап 500 сом берилет деген САНДЫРАК пункту жоюп салгыла!!!

Ошол САНДЫРАК мыйзам жазган Карамат Орозованын жоопкерчилиги каралсын...
27.12.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жоопко тартыш керек күнөөлүүлөрдү бир экөөнү камап.. беш алтоону иштен алып а то боло берет деп жүрө берет
27.12.2017. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда баарың чекеден жоопко тартыласыңар,кабыл алганда уктап отургансыңарда э эми чийки деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: