Чыныбай Турсунбеков Нарында жөлөк пул боюнча митингге чыккан келиндерге сыйлык берүүнү сунуштады

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңеште балдарга жөлөк пулду берүү мөөнөтүн 3 айга жылдыруу маселеси каралууда. Анда депутаттар кабыл алынган мыйзамда бир канча катачылыктар болгонун белгилешти. Депутат Чыныбай Турсунбеков алгач бул мыйзамдагы кемчиликтерди ачыктап, нааразычылык митингине чыккан Нарындагы келиндерге сыйлык берүүнү сунуштады.
"Менин сунушум: Нарында суукка карабай митингге, ачкачылыкка чыккан келиндерди чакырып келип, ушул жактан сыйлык берип койсок, менимче, абдан туура иш болот. Мен ушул жерден туруп, баарыбыздын атыбыздан Нарындын келиндерине рахмат айтып койгум келип турат", - деди Турсунбеков.
Депутат мыйзамды өзгөртүүгө үч ай кыска убакыт экенин белгилеп, 6 ай убакыт берүүнү сурады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
1

Ал эми бобоктордун суйунчу пул, жолок пулдарына тийбегиле!!!
Аларды жойгуча агка жук башка жук Жогорку Кенешти жоюп салса туура болот!!!