super.kg logo

Садык Шер-Нияз: "Сүйүнчү пул бай же кедейге карабай, бардык ымыркайларга берилиши керек"

 

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында балдарга жөлөк пулду берүү мөөнөтүн 3 айга жылдырууга багытталган мыйзам долбоору 2 жана 3-окууда каралды. Анда биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев "бардык балдарга каралган сүйүнчү пул муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн гана берилиши керек" деген пикирин айтты. Ал эми депутат Садык Шер-Нияз ага жооп кылып, сүйүнчү пул төрөлгөн балага бир гана жолу берилүүчү каражат экенин, аны бай же кедейге карабай бардык үй-бүлөлөргө берүүнүн зарылдыгын белгиледи.

"Сүйүнчү пулду эми биз бөлөт экенбиз. Кембагалдар алат, кембагал эместер албайт. Биринчи кезекте моюнга алышыбыз керек, бул шайлоого карата алынып келген мыйзам болгон. Өкмөт "акча болот, кабыл алып бергиле" дегенде биз колдогонбуз. Демек, бул оюн болгон! Анда биз бир жолу тырмоочту басып алдык, эми ошол тырмоочту дагы басканы жатабыз. Көрсө, өкмөт кембагалдардын үйүндө бала төрөлсө сүйүнөт экен, байлардын же орто жашаган адамдардын үйүндө ымыркай төрөлсө кайгырабы?

Биз сүйүнчү пул деп атап жатабыз. Бул кабыл алган мыйзамыбыз да акыры барып туура эмес болуп чыгат. Бир жолу жаңылдык, жок дегенде ушул мыйзамды туура кабыл албайлыбы? Бул мыйзам бөлүнбөшү керек, бул куру шылтоо. Өкмөт ушундай алдамчылык менен алып келип берип жатат. Биз ага алданып саясат жасап жатабыз. Сүйүнчү пул баарына бөлүнбөй берилиши керек", - деди депутат.

Бир топ талаш-тартыштардан кийин Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун 2 жана 3-окууда добуш берүүгө жиберди. http://www.super.kg/kabar/news/214155/.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
27.12.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бышырып жегиле.
27.12.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уяты жок окшошкондор.Эки айдан бери ушул маселени чече албай койдунар гоо сыртта толтура проблема турса
27.12.2017. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Наристелердин акчасында жеегиле 119 депутаттар ХХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-12-27 17:15:04
27.12.2017. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдарга акча болуш кыйын болдуго чиркин ар бир бала оз ырыскысы менен торолот башкысы кудайым берерин унутпасын депутаттар бергиче.......
27.12.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйунчу пул менен 3 жашка чейинки балдарга жолок пул БАРДЫК бобокторго берилиши керек, кембагалдын же байдын баласы болсо да...

Бул боюнча документ минималдуу болуп жонокойлотулушу керек, мисалы ата-энени6 паспортторунун, наристенин туулгандыгы тууралуу кубооугунун кочурмолору, ата-энелерге жашаган жеринен справка, 1-2 анкета жетиштуу деп ойлойм. Андан сон банктан эсеп ачтырып, суйунчу пул да, наристе 3 жашка толгонго чейин ай сайын жолок пул да банк карточкасына которулуп турушу ке
27.12.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал эми 3-16 жаш арасындагы балдарга жолок пул жардамга муктаж уй-булолордун гана балдарына берилсе болот, ал уй-булонун канча баласы болгонуна карабай (3-баладан баштап жолок пул берилет деген сандырак пункту жоюп) жолок пул берилиши керек.

Жолок пулдун олчому 700 же 800 сом болушу керек...3-16 жаш арасындагы бардык балдарга жолок пул берууго Окмоттун казынасынын чама-чаркы жетпейт ачыгы.......

Too-tash түзөттү 2017-12-27 19:16:41
27.12.2017. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол себептуу жардамга муктаж, жарды уй-булолордун 3-16 жаш арасы балдарына гана жолок пул берилуусу орундуу.....
27.12.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куйгуздунор го))) Ылжыраган былжыраган адамдар бар го ана мына дей берген, биздин бийлик ЖК дал ошондой экен. Ыраазыбыз суйунчунорго да, жолок пулунарга дагы. Кочмондорду да, елканарды да жыйыштырып тышкы карызынардан кутулуп алгыла. Жанагы 350 автобусту да жыйыштыргыла карыздана бербей. Жоо эле жетебиз)))
27.12.2017. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында бай кедей дебей баарына текши берилиши керек антпесе окмот сенин телевизорун бар холодилнигин бар деген шылтоо менен копчулуко бербей корупциялык иштер башталышы мумкун.
27.12.2017. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шадиев жолок пулга келгенде башты иштетип калбай,канча деген миллиард сомдор кеткен кочмондор оюнун откорбой ,олкобузго заманбап оорукана,жолдорго камераларды,тез жардам кызматына унааларды,троллейбус,автобустарды,мектеп, бала бакчаларды курбайсынарбы.аш тойдон элге пайда жок,кайра зыян тартып ысырапкерчилике дуушар болуп жатышат
27.12.2017. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Садык туура айтат аты айтып тургандай ал сүйүнчү пул. Бардык Кыргыз үйбүлөсүндө төрөлгөн ымыркайга берилиши керек. Шадиев сүйлөп атат сүйүнчү пулдун акчасына оору кана курсак болмок деп. Сен төрөлгөн баланын акчасына курба, эч бир пайдасы жок асманга сапырылып жаткан акчаларды кыскартып ошолорго кургула. М: балатыны 15 милионго тургузду көчмөндөр оюнуна 300 милион деп атат бул калп анданда көп коротулат Айтматовдун эстелигине 28 милион короткону атат ушундай нерселерди кыскартып кургула болинца
27.12.2017. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
muslim87,туура айтасың ошончо жылдан бери курсаңар болбойбу больницаларды эми жаш балдарга келгенде больницаны ойлобой 5-6 ай жебей турсаңар бүтөт баары. Напсиңерди тыйгыла урматтуу чиновниктер ошондо баары болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: