super.kg logo
  Саясат  

Дастан Бекешев: “Жөлөк пул мыйзамын кабыл алган парламент дагы жоопкерчилик алуу керек”

 

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында балдарга жөлөк пулду берүү мөөнөтүн 3 айга жылдыруу маселеси каралды.

Анда КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев эл өкүлдөрүнө жөлөк пул жөнүндө мыйзам долбоорун парламент кабыл алганын эскертти. “Эмне үчүн эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматтан кетиши керек? Өзүбүздүн чечимибиз үчүн биз дагы жоопкерчилик алышыбыз керек”, - деди Бекешев.

Жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова кызматтан кетүү боюнча арыз жаза турганын айтты.

Эске салсак, Нарын шаарынын тургундары жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамына киргизилген өзгөртүүгө нааразычылыгын билдирген.

Өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун киргизди. 2018-жылдын 1-январында күчүнө кире турган аталган мыйзамдын бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү “балага сүйүнчү” төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо, ишке кирүү мөөнөтүн 3 айга артка жылдыруу сунушталган.

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилери жазылган. Ал эми 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом бериле турганы камтылган. 21-июнда аталган мыйзам 3-окууда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ал эми ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 1-августта мыйзамга кол койгон. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: