super.kg logo

Өлкө аймагында орун алган катуу шамал жана калың кардын кесепети

 

Бүгүн, 27-декабрда түнкү саат 3:00 чамаларында өлкө аймагында кар жаап, катуу шамал катталган. Калың жааган кардын кесепетинен өлкө аймагында жарык өчүп, жол тыгындар жана тоолуу аймактарда кар көчкү орун алса, шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп, бактарды кулатты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча Кара-Буура районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге чейин жеткен. Ал эми "Түндүк электр" ишканасынын маалыматы боюнча Чүй жана Талас облустарында калың кардын кесепетинен чубалгылар үзүлүп, электр жарыгы өчүп калган.

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылында катуу шамал Токтогул Сатылганов атындагы Nº24-мектептин чатырынын жарымын учуруп кеткен. Ошондой эле бак-дарактар кулап, электр зымдары үзүлүп кеткенине байланыштуу мектепте окуу токтотулду.

Ош облусундагы Кара-Суу шаарында банк менен дарыкананын имаратынын чатыры катуу шамалдан улам кулап калды. Курулуш каражаттары жолго кулап, жол жабылып калган. Чатыр кулаганда ошол жердеги бактарды жыгылткан. Кырсыктын натыйжасында жабыр тарткандар болгон жок.

Жайыл районундагы Ставрополовка айылында катуу шамал сарайлардын шиферлерин учуруп, короонун дубалдары да жыгылып калган.

Ала-Бука районунун Өрүктү айылында да катуу шамал жүрүп, көптөрдүн шиферлерин учурду.

Ал эми калың кардын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолунда төрт кар көчкү түшкөн. Кар көчкү 2 унааны басып калып, жол жабылып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тазалоо иштерин жүргүзүп, адам өмүрүн жоготуулар катталбаганын маалымдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
27.12.2017. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудай сактап,кырсык болбой эле койсунчу.
27.12.2017. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Э кудай озун сактай кор
28.12.2017. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын, кырсык болбосун!
28.12.2017. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
О кудай
28.12.2017. 06:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кар канча коп жааса жаай берсин! жазында суу коп болот монгулор калындайт,суу коп болсо гестерге да пайда жер нымдуу болуп жаратылышка, да дыйканга да пайда.эгер жаабай койсо гестерде суу аз монгулор ээрип жатат, жыл курукчулук болду деп табиятка шылтайбыз.
28.12.2017. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыш кыштай.кыз кыздай болгону жакшы.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: