super.kg logo

"Эйр Манас": "Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун эске алып 2 жолку каттамды токтоттук, кечирим сурайбыз"

 

Социалдык тармактарда "Эйр Манас" авиакомпаниясынын Ош-Бишкек каттамы 2 жолу токтотулгандыгына байланыштуу нааразы пикирлер авиакомпаниянын дарегине айтылууда. Ар бир кардардын ыңгайлуулугун, кызыкчылыгын жана пикирин эске алууну максат кылып иштеген "Эйр Манас" мындай пикирлерге көз жумбай, өз кезинде абалды түшүндүрүүнү туура көрдү деп билдирет ишкананын өкүлдөрү.

Билдирүүгө ылайык, 26-27-декабрь күндөрү "Эйр Манас" авиакомпаниясы операциялык себептерге байланыштуу каттамдарды токтоткон. Авиакомпания бул абалдын жаралгандыгы үчүн жалпы жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт.

"Эйр Манас" авиакомпаниясынын кызматкерлери жүргүнчүлөргө каттамдын токтотулгандыгы тууралуу мүмкүн болушунча эртерээк билдирүүгө болгон аракетин көрүштү. Жүргүнчүлөргө SMS-билдирүү аркылуу жана өздөрүнө оозеки айтып эскертишти. Бардык жүргүнчүлөргө ишке ашырылбай калган каттамдын билетинин суммасын 100 пайыз толугу менен кайтаруу же башка убакыттагы каттамга жылдыруу мүмкүнчүлүктөрү каралган. "Эйр Манас" авиакомпаниясы транзиттик каттамдарды алмаштырууну акысыз жүргүзөт", - деп айтылат авиакомпаниянын маалыматында.

Анда белгиленгендей, жүргүнчүлөр үчүн тамак-аш эрежеге ылайык, учуу кармалган учурга гана каралган. Ошентсе да авиакомпания жүргүнчүлөрдүн талабын эске алып, токтотулган каттамдын аэропорттогу бардык, 64 жүргүнчүсүнө тамак-аш берген.

"Каттамдардын кармалуусу, тилекке каршы, бардык авиакомпанияларда, дүйнө жүзү боюнча болуп келет. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө мындай абал учактардын жетишсиздигинен жана аны ижарага алууга мүмкүнчүлүктүн жоктугунан орун алууда. Айта кетүүчү жагдай, "Эйр Манас" авиакомпаниясы эң оболу жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун эске алат", - деп кошумчалаган "Эйр Манас" авиакомпаниясы.

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: