super.kg logo

Бишкектин мурдагы вице-мэри Эрнис Зарлыков аралашкан иш боюнча кылмыш иши козголду

 

Бишкектин мурдагы вице-мэри Эрнис Зарлыков аралашкан иш боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 27-декабрда УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, мэриянын капиталдык курулуш жана каржы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкектеги мектептердин биринин курулушун каржылоодо мыйзам бузууга барышкан.

Мындан улам УКМК тарабынан "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалоо” жана “Өлкө кызыкчылыгына каршы келишим түзүү” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, учурда УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эрнис Зарлыков бул иште фигурант катары эсептелүүдө. Ал 2011-жылдан баштап мэриянын каржы башкармалыгын жетектеген жана 2016-жылдан баштап вице-мэр болуп иштеген. Андан кийин 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышып, шайлоочулардын 1554 добушун алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: