super.kg logo

Жогорку Кеңеш жөлөк пул берүү мөөнөтүн 3 айга жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун колдоду

 

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңеш жөлөк пул берүү мөөнөтүн 3 айга жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун 2-3-окууда колдоду.

Добуш берүүгө 109 эл өкүлү катышып, мыйзамга 103 депутат "макул", 6 депутат "каршы" деп добуш берди.

Айта кетсек, өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун киргизди. 2018-жылдын 1-январында күчүнө кире турган аталган мыйзамдын бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү “балага сүйүнчү” төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо ишке кирүү мөөнөтүн 3 айга артка жылдыруу сунушталган.

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилери жазылган. Ал эми 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом бериле турганы камтылган. 21-июнда аталган мыйзам 3-окууда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ал эми ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 1-августта мыйзамга кол койгон. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
27.12.2017. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
элди алдадыы
27.12.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ии жакшы болгон турбайбы. Болбосо жаны мыйзам боюнча эки балалуулар албай калмак. Эки же андан ашык балага дебестен. Негизи 1 бала учун да берилиш керек болчу. Ушул нерсесине нааразымын бийликтин
27.12.2017. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
momuntay, эмнеси жакшы болуптур. Ошо Бир балага да толой албайбыз деп жатышат.
Дарыгер түзөттү 2017-12-27 19:20:28
27.12.2017. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жылдырып отуруп элди унуттурабыз деп жатышатго шайлоо алдында элдин көңүлүн алып алдаганыго
27.12.2017. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жепжутаттарга ишенбей эле коелу,Кудайым озубузго ден-соолук берсин.Закон кабыл алынганы менен,баягы эле корунуш кайталанат.Тууган,таныш-билиш менен эле пособие толонот.Биз бул жакта миллион жолу чыркырап жазганыбыз менен-жепжуттатар эсептешпейт биз менен.Как всегда им "Не холодно и не жарко".Они думают как пополнить свои карманы и все.
28.12.2017. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озумо куч-кубат берсин. Балдарымы озумдун ак эмгегим менен багам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: