super.kg logo

Жогорку Кеңеш Ысык-Көлдө сүт тармагын өнүктүрүүгө 2,75 миллион доллар карыз алууну колдоду

 
Жогорку Кеңештин 27-декабрдагы жыйынында “Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Аталган маселе боюнча Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматов баяндама жасап, мыйзам долбооруна бардык фракциялардын оң корутундулары жана 3 окууда кабыл алуу чечимдери бар экенин маалымдады.

Аталган долбоордун жалпы наркы Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын эсебинен каржылануучу 5 миллион долларды түзөт. Долбоордун 1-фазасы 3 жылдын ичинде ишке ашырылат. 5 миллион доллардын 2,25 миллиону – грант, ал эми 2,75 миллиону – насыя. Насыя 38 жылдык мөөнөткө берилет. Жеңилдетилген мөөнөтү 6 жыл. Пайыздык ставка – жылына 0,75 пайыз.

Долбоор Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүүгө тоют өндүрүү, ветеринардык кызмат көрсөтүү жана идентификацияны өткөрүү, ошондой эле дыйкандарга инвестициялык колдоо аркылуу көмөктөшүү максатында иштелип чыккан. Анын жүзөгө ашырылышы менен Ысык-Көл облусундагы фермерлердин потенциалынын бекемделиши, сүт азыктарын өндүрүү көлөмүнүн өсүшү күтүлүүдө.

Ратификациялык мыйзам долбоору талкуусуз 2-3-окууларда добуш берүүгө жиберилип, көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: