super.kg logo

Жогорку Кеңеште президент Жээнбеков өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн антын кабыл алып, сөз сүйлөдү

 
Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев
Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев
Маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагулов

Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев, вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев, маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагулов ант беришти. Өкмөт мүчөлөрүнүн берген антын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кабыл алды. Жээнбеков өлкө башчылыгына шайлангандан бери Жогорку Кеңештин жыйынына биринчи жолу катышты.

"Сиздер менен Жаңы жылдын алдында жолугуп жатабыз. Жаңы жыл элибизге ийгилик, жакшылыкты алып келген жылдардан болсун. Шайлоо алдында убадаларды бергенбиз, ошол убадаларды аткарган жыл болсун. Өкмөттүн ант берген мүчөлөрүнө баарыңыздарга ийгилик каалайм. 2018-жыл токчулуктун, молчулуктун жылы болсун, эл аман болсун. Баарыбыз эл арасында аман эсен бололу", - деди Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.12.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаны жылды шылтоолобой эле жон эле жаны министирлер элге жакшы иштеп бергиле дебейспи Шарипович.Намаз окуган киши мусульман жаны жылды вообще жумушка тийиштирип суйлобойт.Сизди Аллахым озу кечирсин.Кыргызстаныбыз Онуксун э Аллах чондорубузга ыйман инсап бер
28.12.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтсам Акаевдин бийлигинен кийин эле эми коруп атам Президенттин жогорку кенешке чакырылганын, и чакырыптыр министрлердин ант бергени учун а буга чейин коп министрлер ант беришкен, эмнеге чакырган жоксунар анда? Акаевдин учурунда Президентти Жогорку кенешке ар бир сессияда чакырышат элего.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: