super.kg logo

Жанар Акаев бош турган вице-премьерлик кызматка кимдерди чакыруу керектигин айтты

 

Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев бош турган вице-премьерлик кызматка Улукбек Кочкоровду же Таалатбек Масадыковду чакырууну сунуштады. Ал өкмөт мүчөлөрү буга чейин кетирген каталарын эске салып, өкмөткө сырттан президенттикке талапкер катары өзүн көрсөтө алган адамдарды чакыруу керектигин айтты.

"Азыр өкмөт мүчөлөрү ант берип кетишти. Буга чейин да ант берип, бирок ката кетирген вице-премьер-министрлер эч кандай антты аткарган жок. Жоопкерчиликти да алышкан жок. Менин айтайын дегеним, учурда бир вице-премьерлик кызмат бош. Бизде азыр чек ара коопсуздук маселеси, "Коопсуз шаар", видеокөзөмөл орнотуу сыяктуу бир да маселени өкмөт жасай элек. Сырттан деле кадрларды алып келсеңер болот эле деп сунуштагым келет.

Президенттик шайлоого катышып, өзүнүн программасын айткан Улукбек Кочкоров, Таалатбек Масадыков сыяктуу профессионал кадрларды өкмөт "шайлоодо бизге иштеген эмес" деген принцип менен эмес, "элге иштеп бер, 2-3 вице-премьер ишке жарабай жумуштан кетти, силердин колуңардан келсе ишке ашырып бергиле" деп ошол жигиттерди чакырса жакшы болот эле.

Алар келип долбоорлорду ишке ашырсын. Тажикстан "Коопсуз шаар" долбоорун 6 айда ишке ашырган. Бизде азыр видеокөзөмөл жок. Сапар Исаков ушул жерден 2017-жылдын аягына чейин Бишкек-Ош шаарларын толук видеокөзөмөл менен камсыз болот деп айткан. 10 видеокөзөмөл орнотулдубу?" - деп суроо салды Акаев.

Эскерте кетсек, 15-октябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына ылайык, Таалатбек Масадыков 10 миң 803 добушка (0,64 пайыз), Улукбек Кочкоров 8 миң 498 добушка (0,50 пайыз) ээ болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(12)
28.12.2017. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Маладец туура айтыптыр бирок Адахан Мадумаров барса жакшы болмок .жеке оюм.
28.12.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
salimbek87.kg,ал барбайт да. Бул бийлик мн иштеше албайт ал
28.12.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азамат ,Жанар.
28.12.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азаматсын Жанар,сага окшогон депутаттар болсо эмдигиче онолмокпуз.Улукбек Кочкоров ото жакшы саясатчы коздуу мага жагат анын ой жугуртуу пландары
28.12.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Туура айтыптыр Кочоров Масадыковтор барса ото туура болмок. Жаш жаны кадырлар эле
28.12.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менда колдойм 200%
28.12.2017. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Андай "чужойлорду" албай калышты го. Ал креслого да шапкасын таштаган бироо келет да
28.12.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эң туура, таамай айтылган сөз, Улукбек Кочкоровду алып келиш керек, таза иштеп, мамлекетти кыйла алдыга сүрөмөк.
28.12.2017. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улукбек Кочкоровду алып келиш керек
28.12.2017. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал орунга дагы СДПК дан бир галдирбай келет да,сасып отуруп жеп жеп кетет,ошентип кайталана берет.
28.12.2017. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
СДПкадан дагы бир XXXX немени алып келишетда бул бийлик кыйрата беле
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-12-29 09:45:34
29.12.2017. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Жанар туура айтат. Булардын баары кол ийрисине тартат кылышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: