super.kg logo

Дискотека учурунда түтүнгө ууланган 110 окуучунун ичинен үчөө ооруканада жатат

 

27-декабрда Чүй облусунун Кегети айылындагы орто мектепте дискотека уюштуруп, генератордон чыккан түтүнгө ууланып ооруканага кайрылган окуучулардын саны 110го жетти. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 28-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова кабарлады.

Анын айтымында, ооруканага кайрылган 110 окуучунун ичинен 3 окуучу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

"Жалпы 110 окуучу ууланып калганын айтып ооруканага кайрылган. Анын ичинен 3 окуучу жандандыруу бөлүмүнө, дагы 35 окуучу оорукананын жалпы бөлүмүнө жаткырылган. Бүгүн эртең менен 3 окуучу жалпы бөлүмгө которулуп, калганы үйүнө чыгарылды", - деди Айгерчинова.

ӨКМнын маалыматына ылайык, 27-декабрь күнү саат 14:00 чамаларында Чүй облусунун Кегети айылындагы Исаев атындагы орто мектептин окуучулары электр жарыгы болбогондуктан генераторду пайдаланып, дискотека уюштурушкан. Бирок генератордон түтүн чыгып, окуучулар ага ууланып калышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.12.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанагы кошо ууланган агайлары да кызык го, генераторду эшикке коет да. Эшикке коюп удлинитель менен светти ичке алыш керек да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: