super.kg logo

Борбордук Азиядагы Евразия Фонду бизнес баштоону жана өнүктүрүүнү каалагандар үчүн насыя алып берүүгө көмөктөшөт

 

Каракол жана Балыкчы шаарларында “Жаштардын ишкерлиги” деп аталган долбоордун алкагында бизнес-тренингдер өттү. Долбоор Борбор Азиядагы Евразия Фонду тарабынан “КумторОперейтинг Компани” ЖАКсынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Тренингдин негизги максаты - айыл чарбасын жана жеке ишкерликти өнүктүрүүнү каалагандар үчүн 10-12 пайыздык үстөгү менен насыя алууга көмөк көрсөтүү.

“Тренингдер 2 тайпа үчүн өткөрүлдү: бизнеси жок, бирок бизнес-идеясы бар башталгыч ишкерлерге жана бизнесин кеңейтүүнү көздөгөн ишкерлерге. Жалпысынан тренингге 50 адам катышып, алардын көпчүлүгүн жаштар түздү. Консультанттар башталгыч ишкерлерге бизнести пландоо, менеджмент, бухгалтердик эсеп жана салык төлөмдөрү тууралуу түшүндүрүп беришти.

Ал эми бизнесин жүргүзүп жаткан ишкерлерге бизнести кеңейтүүдө тобокелчилик, маркетинг, өндүрүштү жана анын сапатын башкаруу сыяктуу темалар өткөрүлдү. БАЕФ өкмөттүн айыл чарбасын өнүктүрүү программасынын алкагында жаштар бизнес-идеясын жакшылап иштеп чыгып, үстөк пайызы төмөн насыяларды алуусуна жардам көрсөтөт", - дейт фонддун долбоорлор боюнча менеджери Таалайбек Талантбек уулу.

Ал белгилегендей, консультанттар жаш ишкерлерге тренинг өткөргөндөн тышкары насыя акча алуу үчүн керектүү документтерди топтоп берүүгө да көмөктөшөт. Тренингдин катышуучуларынын ар биринин түрдүү идеялары бар, айрымдары мал чарбачылыгы менен иштөөнү пландаган болсо, кээ бирлери кургатылган жер-жемиштер менен, кээ бирлери жашылча-жемиш саткан дүкөн ачууну мерчемдеген.

24 жаштагы Рустам Гемезов Каракол шаарына жашылча-жемиш саткан дүкөн ачууну пландаган.

“Биздин шаарда ар кандай товарлар дүңүнөн сатылган бир нече орундар бар болгону менен, жашылча-жемиш саткан дүкөн жок. Керектөөчүлөр аны сатып алуу үчүн алыс жактарга барышат. Мен тургундарга сурамжылоо жүргүзүп көрдүм, БАЕФтин кеңешчилеринин жардамында маалыматтарды, документтерди топтоп бизнес-план жазуудамын. Менимче, менин бизнес-планым насыя алууга татыктуу”, - дейт Гемезов.

Кызыл-Суу айылынын тургуну Жоомарт Асангазиев “Жаштардын ишкерлиги” долбоорунун алкагында грант алгандардын бири. Ал тренингге күнөсканасын кеңейтүүнүн жол-жобосун угуу үчүн келген. Ал карагаттын көчөттөрүн өстүрүп сатуу менен алектенет.

“Биздин кардарларыбыз – дыйкандар. Биздин көчөттөргө суроо-талап көп болгондуктан мен бизнесимди өнүктүрүүнү көздөп жатам. Мага маркетинг боюнча маалыматтар маанилүү эле, тренингден билбеген нерселеримди үйрөндүм”, - деп билдирген Асангазиев.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.12.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6% кредитти качан бере баштайт экен элдер айтып койгулачы. Мен де да бизнес идея бар бирок 12% менен алсан тапканынды ошолорго берип озун кайра эле мурдун агып кала берет го!
28.12.2017. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
6% эч жерде жок карындаш. Бул жон эле шайлоо астындагы утопия болгон. 12% да жок, бизде кредит бизнес план боюнча берилбейт созсуз куроо коюлат. Реалдуу эсептесен 40-50% менен. Экинчиден мусулман богон сон кредит албаганга аракеткылалы.
29.12.2017. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баяагы еле коз бойомочулар да булар шайллонун астында бутуму жала десен бутунду жалайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: