Тажикстандан келген этникалык кыргыздарга зомбулук көрсөткөндөрдүн видеосу боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздарды ур-токмокко алган видео боюнча маселени айтты. Эл өкүлү мындай жаман жоруктарга карата жоопкерчилик каралуусун талап кылды.
"Бул окуя 2016-жылы болдубу же 1996-жылы болгонбу, эми гана коомчулукка жарыяланып катуу талкуу болууда. Видеодо топтолушкан 5-6 адам 2 жигитти бети-башына койгулап жатат. Анда жабыр тарткандар Тажикстандан көчүп келген өзүбүздүн эле кыргыз улутундагы балдар. Жергиликтүү калк аларды уруп тарбиялап жатат. Биз бул видеону көрүп абдан капа болдук. Жакшы жашоодон үмүт артып, тарыхый мекенине келген жарандарга мындай мамиле жасаган адамдарды жазалашыбыз керек. Тосмо арыз берген күндө да мындай иштерге факт боюнча иш козголушу керек. Азыркы күндө Памирден, башка жактардан этникалык кыргыздар көчүп келип жатат. Аларга да мындай мамиле жасалып жүрбөсүн. Бул абдан жаман көрүнүш деп айтат элем", - деди Икрамов.
Депутат өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, бул маселе боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.
Эске салсак, буга чейин интернетке Кыргыз өлкөсүнүн кайсы бир жеринде этникалык делген кыргыздарды ур-токмокко алып жаткан өспүрүмдөр тартылган видео тарап, ал социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган.


Экинчиден башка олкодо озбек, тажиктерден кордук коруп оз Мекенине кочуп келген кыргыздарды кордогон акмактарды кылмыш жообуна тартуу керек!!! Алар чет жерде торолуп калганы учун куноолуубу?!!
Кайсы логикага таянып бул боюнча кылмыш ишин токтотуп коюшат?!!
1- Ошол видеодо Тажикстандан кочуп келген этникалык кыргыз балдарды ур-токмокко алгандар баары бири калбай аныкталып, ар бири кеминде 5 жылга жатак абакка кесилиши керек. Жашы 16га толбогондор балдар колониясына жонотулуп, жашы 16га толгондо абакка которулушу керек!!! Ошол балдардын баары бири калбай жазаланышы керек, чондун же кембагалдын, керек болсо Аша менен Сокенин балдары болсо да... Кеминде 5 жылга жатак абакка окум чыгарыш керек андайларга!!!
Ошол аймактын участковый инспектору, бул окуя боюнча кылмыш ишин караган прокуратура кызматкерлери, тергоочулор кызматынан бошотулуп, аларга чара коруу керек!!!
Анан акыркысы ошол айыптуу балдардын ата-энелеринин бири (бир уй-булодон бир киши, же атасы же апасы) милдеттуу турдо 100 сааттык коомдук жумушка тартылышы керек, балдарына туура тарбия бере албаганы учун!!!