Вице-премьерликке кимдин талапкерлиги сунуштала турганы кечинде белгилүү болот

"Бүгүн кечинде вице-премьер-министрликке кимдин талапкерлигин көрсөтө турганым боюнча акыркы чечимди кабыл алам", - деп бүгүн, 28-декабрда SUPER.KG порталына премьер-министр Сапар Исаков билдирди.
Анын айтымында, бул маселе боюнча учурда кеңешүү иштери жүрүп жатат. "Азырынча бул кызматка кимдин талапкерлиги көрсөтүлө тургандыгын айта албайм", - деди өкмөт башчы.
Эске салсак, 21-декабрда вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. Ал Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган.
Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаев бош турган вице-премьерлик кызматка Улукбек Кочкоровду же Таалатбек Масадыковду чакырууну сунуштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

