super.kg logo

Караколдо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына программалык бюджеттөөнү киргизүү талкууланды

 

Каракол шаарында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы программалык бюджеттөө” аталышындагы тегерек стол өттү. Аталган иш-чарага Түп районунан, Кызыл-Суу жана Теплоключенко айыл өкмөтүнөн өкүлдөр жана жарандар катышты.

Тегерек стол “Шаардын бюджеттик процесстерге жарандарды тартуу” долбоорунун алкагында Борбордук Азиядагы Евразия Фонду тарабынан “Сорос Кыргызстан” фондунун колдоосунда өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – Каракол шаарынын программалык бюджеттөөсүн аймактарга жайылтуу болуп эсептелинет.

Тегерек столдун катышуучуларына Каракол шаардык мэриясынын өкүлдөрү шаардын 2018-жылдагы бюджети жана 2018-2020-жылдарга карата программалык бюджеттөөсү тууралуу айтып берди. Каракол шаарында мындай ыкма биринчи жолу иштелип чыккан. Ушул жылдын 1-январында КРнын Бюджеттик кодексине киргизилди. Бул документте жергиликтүү органдар программалык бюджетти иштеп чыгуу милдеттери жазылган. Бирок ушул кезге чейин бул ыкманы ишке ашырууга так нормалар болгон эмес. Жергиликтүү бийликке жардам көрсөтүүнү көздөп “Шаардын бюджеттик процесстерине жарандарды тартуу” долбоору негизделип, сынактык шаар катары Каракол тандалып алынган.

Долбоордун башында эксперттер муниципалдык башкаруунун өкүлдөрү жана жарандык коом үчүн программалык бюджеттөө тренингдерин өткөрүштү. Андан соң эксперттердин жардамы менен Каракол шаарынын 3 жылдык бюджетинин негизги бөлүгү иштелип чыкты. Бардык документтер даяр болгондон кийин “Каракол шаарынын 2018-2020-жылдарга карата программалык бюджети” деп аталган коомдук угуу болуп, ага 50 адам катышкан.

Программалык бюджеттин кадимки бюджеттен айырмасы – мамлекеттик саясаттын максаттарына ылайыкталып түзүлүп, чыгымдар кайда багытталганын аныктоого мүмкүн. Бюджеттин мындай формасы тургундардын мэриянын жана муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуусуна өбөлгө түзөт.

“Жашоочулар мэрия жана башка мамлекеттик ишканалар бюджетти кайда жумшап жатканынан кабардар болуп турушат. Анткени анда жасала турган жумуштар алдын ала так жазылып көрсөтүлөт”, - дейт долбоордун эксперти Чыңгыз Бексултанов.

Тегерек столдун жүрүшүндө эксперттер Финансы министрлиги менен биргеликте иштелип чыккан программалык негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бюджетти түзүү тартиптери, кароо жана аткаруу жолдорун айтып өтүштү.

Бюджеттин мындай ыкмасы келечекте өлкөдөгү бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кызмат кылат жана анын баштоочусу болуп Каракол шаары эсептелинип калат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: