Өзгөчө кароого муктаж балдар балаты майрамында көңүлдүү маанайга бөлөнүштү








Бүгүн, 28-декабрда "Үмүт-надежда" балдардын реабилитациялык борборунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын балаты майрамы болуп өттү. Иш-чара борбордун тарбиячылары тарабынан уюштурулган ыр, бийлер менен коштолду.
Андан соң балдарды куттуктап келген эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова сөз сүйлөп, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар ар дайым мамлекеттин камкордугунда боло тургандыгын белгиледи.
"Биз бардык жактан балдардын "Үмүт-надежда" реабилитациялык борборуна колдоо көрсөткөнгө аракет кылып келебиз. Бул борбордо иштеген мугалимдер, тарбиячылар ар бир балага жекече көңүл буруп, тарбия берип келишет. Сиздерге өзгөчө ыраазычылык билдирем", - деди министр.
Ошондой эле балдарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктап Бишкек шаарындагы номер бешинчи мектеп-гимназиясынын окуучулары келишкен. Алар балдарга арнап алып келген белектерин тапшырышты. Ыр, оюн-зоокко толгон иш-чара бөбөктөрдүн маанайын көтөрүп жүзүнө жылмаюу тартуулады.
Германиядан келген ыктыярчы майрамды уюштурууда чоң көмөк көрсөткөнүн борбордун координатору Асель Өмүралиева билдирди. Чет элдик ыктыярчы балдар менен кошо бийлеп, ырдап аларга майрамдык маанай тартуулоо аракетин көрүп жүрдү.
"Биз бүгүнкү балаты майрамын борборубузда тарбияланган балдарды моралдык жактан колдоп, алардын көңүлүн көтөрүү үчүн уюштуруп жатабыз", - деди Өмүралиева.
"Үмүт-надежда" борборунун балдарынын куттуктоосу


1 |