super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Тамеки чегип, насвай аткан эркектердин аялдарына боорум ооруйт"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Насвайды, тамекини кантип таштаса болот?" деген тема талкууланууда. Автор: "Жолдошум насвай атат. Такыр таштата албай жатам. Чөнтөгүнөн алып ыргытам, өрттөйм. Ал үчүн урушабыз. Жагымсыз жытынан жийиркенем. Элдин көзүнчө дагы ата берет. Мен жолдошумду жакшы көрөм, сыйлайм. Мага кеңеш бергилечи, кантип таштаса болот?" деген суроосун калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Чынында мага тамеки тарткан, насвай аткан балдар жакпайт. Мисалы, мен андай балага турмушка чыккым келбейт. Насвайды же тамекини таштоо үчүн адамда каалоо жок болсо жана эрки күчтүү эмес болсо, эч бир дары жардам бербейт. Бул жаман адаттардан арылгысы келгендерге ийгилик каалайм".

"Насвайды таштоо оор нерсе, мен оозумдагы насвай менен тамеки тартат элем. Ошентип 3 жыл жүрдүм, бирок 2014-жылы эркекче таштадым деп таштап салдым. Чынында жаман нерсе, өзүм да ойлондум "үйлөнсөм кандай болот, сасып жүрөмбү" деп".

"Тамеки чегип, насвай аткан эркектердин аялдарына боорум ооруйт. Өтө жийиркеничтүү нерсе".

"Сиз жолдошуңузга насвайдын кантип жасалганы тууралуу видеолорду көрсөтүңүз. Бир таанышым "видеосун көргөндөн кийин чекким келбей калды" деп жатты эле".

"Насвай колдонгон адамга наркотик сымал болуп калат. Эгер жок болуп калса нерв болуп, тынчсыздана берет. "Эч эле таштай албай койдум" дегендерди көп эле угам".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.12.2017. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен чекпейм ичпейм ушул жашка келип эрикту окшойм досторум кобу чегет тыштап сал десем болбойт дейт уйронуп калдым деп мен казыкпайм мындай нерселерге
29.12.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жолдошум тамеки тартат. Бирок ичпейт.
29.12.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
FlFA-UEFA, адамдын намысына шек келтирген, аны мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: