super.kg logo

Текстилдик жана тигүү тармактарында 9 айда 5 миллиард 2 миллион сомго продукция өндүрүлдү

 

Бүгүн, 28-декабрда премьер-министр Сапар Исаков “Легпром” ассоциациясынын төрагасы Сапар Асановду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө текстиль жана тигүү тармактарынын иш жыйынтыктары жана аны өнүктүрүү келечеги, анын ичинде аталган ассоциациянын ишмердүүлүгү талкууланды.

Сапар Асановдун айтымында, 9 айдын жыйынтыгы боюнча текстилдик жана тигүү тармактарында 5 миллиард 2 миллион сомго продукция өндүрүлдү. “Анын ичинен 4 миллиард сомдук продукция тигүү тармагында өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү көрсөткүчү 113 пайызды түзгөн. Учурда аталган тармактагы кесипкөй кадрлардын жана өндүрүштүк имараттардын жетишсиздиги орун алууда”, - деди Сапар Асанов.

Премьер-министр тигүү жана текстиль тармактарындагы квалификациялык кадрлардын тартыштыгы маселесин чечүү максатында тийиштүү мамлекеттик органдарга тигүү тармактарынын жумушчуларына жагымдуу шарттарды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: