super.kg logo

Конокко барганы жатасызбы? Анда “Даяр Дасторкон” азыгын ала барыңыз

 

Кыргыздар илгертеден эле меймандостугу менен өзгөчөлөнүп келет. Келген конокко дасторкон жайып же конокко жөнөгөндө куру кол барышпайт. Ал үчүн базар кыдырып, бир топ убакыт коротууга да туура келет эмеспи. Эми ал маселени чечүүгө Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн “Даяр Дасторкон” азык-түлүгү жардамга келет. 8 түр азыктан турган “Даяр Дасторкон” продукциясы конок тоскондо да, конокко барганда дагы маселенин мыкты чечими деп айтууга болот.

1 килограмм 200 грамм салмактагы “Даяр Дасторкондун” ичинде жогорку сапаттагы момпосуй, печенье, кондитер азыктары, мыкты сорттогу кургатылган өрүк, тазаланган жер жаңгак, мейиз жана араб курмасы бар.

Медербек Жалилов конокко барганда бир топ кыйынчылыктарга туш келгендиктен ал маселени жеңилдетүү максатында “Даяр Дасторкон” азыктардын топтомун иштеп чыкканын айтып берди.

“Мен бир нече жыл чет өлкөдө иштеп жана окуп жүрдүм. Мекениме кайтып келгенде туугандар, достор жана тааныштар конокко чакырып башташты. Биздин салтта жана түшүнүктө куру барбай, сөзсүз бир нерсе ала барыш керек. Ошондой жагдайларда жакынкы дүкөндөргө кирсең ала турганга ыңгайлуу эч нерсе жок. Базарга барсаң абдан көп убакыт кетет. Андан тышкары эркектердин көпчүлүгү үчүн азык тандоо оор маселе. Туура эмес нерсе көтөрүп барып уят болуп калам деп ойлоносуң. Ушундай көйгөйлөргө туш келген соң мындай азыкты чыгаруу ойго келди. “Даяр Дасторкон” ар бир үйдө керектелүүчү даам. Конок келсе дагы, конокко барсаң дагы колдонууга ыңгайлуу болот деп эсептейм. Андан тышкары “Даяр Дасторкондун” ичинде кургатылган азыктар өзүбүздөн чыгат, ал эми момпосуйлар чет элдик, жогорку сапаттагы азыктар”, - дейт Медербек Жалилов.

“Даяр Дасторконду” тандаган мекендештерибиздин саны көбөйө баштады. Анткени ал кардардын убактысын үнөмдөп, тандоонун алдында турган кожойкеге мыкты жардамчы. Ошондой эле эң негизгиси жергиликтүү, экологиялык таза азыктардын топтому ата мекендик продукцияны колдоодо башкы орунда турат. “Даяр Дасторкон” – жайыл дасторкон!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
29.12.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мынча жакшы, баасы канча болду экен.
29.12.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээ басын да жазып койбойсунарбы?
29.12.2017. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы нерсе экен,бирок ошонун бир жле турун бир нече турун да чыгаргыла "на выбор" анан поделкасы чыгышына жол бере корбогуло
29.12.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
390 сом экен
29.12.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
390 болсо арзанго жакшы экен какрас не алышты билбей жаттым эле,коноко баратурган элем.
29.12.2017. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eli.91,Ал эми
29.12.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ичинде аябай эле аз экен, анан 390 сом кымбат
29.12.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ооба кымбат,200-250 сом нормалдуу баа болмок. Ичинде болсо 80-100 сомдук нерсе бар.
29.12.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Биз конокко бир пакет толтура которуп барабыз да конфет,печенье..Мунун ичинде бираздан эле экен,уят болчудайсын
29.12.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Баягы эле ош базарга жонойт окшойбуз, коп балалуу уй-булоого конокко барсак, Мерген Турган айткандай коздоруно тамчылаткандай эле болуп калат го.
PeRa түзөттү 2017-12-29 20:28:49
30.12.2017. 07:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ар бири 1кл 200 граммдан дан болсо баасы 390 бул арзанго
30.12.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бири деп жазбаптырго суротундо баары биригип 1кг200г ошончо чыкчуудайго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: