super.kg logo

Бишкек-Ош жолунун Ала-Бел ашуусунда жол тайгак болгондуктан машиналарга убактылуу чектөө киргизилди

 

Бишкек-Ош жолунун Ала-Бел ашуусунда жол тайгак болгондуктан машиналарга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Бүгүн саат 14:00дө Ала-Бел ашуусунда жол тайгак болуп, унаа тыгыны болгондугуна байланыштуу "Арал" постунда машиналардын бардык түрүнө чектөө киргизилди", - деп билдиришти ӨКМдан.

Айта кетсек, 27-декабрда калың жааган кардан улам Жайыл районундагы "Сосновка", Токтогул районундагы "Арал", Талас облусунун "Өтмөк" ашуусундагы посттор жабылып, Бишкек-Ош унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилген. Мындан улам посттордо кезекте турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 600дөн, жеңил унаалардын саны 400дөн ашкан эле.

Бүгүн таңга маал саат 04:30да унаа тыгындарын жоюу, жол тазалоо иштерин жүргүзүү максатында Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда бардык унаалар үчүн чектөө киргизилип, кайра ачылган эле.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.12.2017. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкек Ош жолу боюнча кайсы жерден дагы маалымат алсак болот? Биз эрте мн жолго чыгалы дегенди?
30.12.2017. 05:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сосновкага 16:20 да келгенбиз азыр саат 5:14 өттү дагы деле турабыз..
30.12.2017. 05:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jengoo,ошондо тан атканча турасыздарбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: