Депутат Төрөбай Зулпукаров Төө-Ашууда жол тазаланбаганын айтты
КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров Төө-Ашуу ашуусунда жол тазаланбаганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.
"Кечээ телеберүүлөрдөн Төө-Ашуу ашуусунда тыгындар боюнча жол тазаланып, тамак берилип жатат деген маалыматтар чыккан. Бүгүн мага саат 4:00дө, 7:55те телефон чалуулар болду. Бүгүнкү күнгө чейин тыгын болуп жатыптыр. Кар жабылып турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Транспорт жана жолдор министрлигине протоколдук тапшырма бериш керек", - деди Зулпукаров.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков бул боюнча өкмөт мүчөлөрүнө протоколдук тапшырма берип, Жаңы жылдын алдында жолду тазалоо керектигин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Жок дегенде өзүңөргө шарт түзүп койгулачы шанс бар кезинде. Өкүнүп каласыңар, жеп жутуп жашай берип.