super.kg logo

Темир Жумакадыровдун жубайы жол кырсыгына күнөөлүүлөрдүн жазасын күчөтүү боюнча кайрылуу жасады

 

Жол кыргысыгынан каза болгон вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жубайы Нора Сүйүналиева кайрылуу жасады. Бул тууралуу кайрылуу бүгүн, 30-декабрда социалдык түйүндөр аркылуу таратылды.

“Коопсуздук Кеңештин өлкөдөгү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чечимин ишке ашырууга менин жолдошум, досум, сүйүүм Темир Жумакадыров жооптуу эле, бирок өзү жол кырсыгынан каза болуп калды. Бул жол кырсыгынан Темир, Нурлан, Нурбек каза болуп, үч адамдын өлүмүнөн беш бала жетим калды. Балдардын "атам кайда, эмнеден каза болду эле", "атам менин майрамдык иш-чарамды көрбөй калганы кандай өкүнүчтүү", "атам жаныңда болом деп сөз бербеди беле" деген суроолорго жооп берүү коркунучтуу болуп калды. Жолдошум бараткан унаа менен сүзүшкөн жүк ташуучу унаанын айдоочусуна козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өттү. Ал он жыл жатак абакта отуруп же беш жылдан кийин мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгып, кайрадан өлкөнүн жолдорунда автоунаа айдоого укук алат. Мындай жол менен биз кайрадан өз жоопкерчилигин сезбеген айдоочуга ээ болобуз”, - деди ал.

Нора Сүйүналиева жол кырсыгына күнөөлүүлөрдүн жазасын күчөтүүнү сунуштап, абактан чыккандан кийин да өмүр бою автоунаа айдоого тыюу салуу керектигин айтты. Ошондой эле ал бул боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Эске салсак, Темир Жумакадыров 7-октябрда жол кырсыгына кабылып каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
30.12.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Сенин жолдошун жол кырсыгынан каза болбогондо минтип суйлобойт элен...Мындай сунушунду илгери эле айтып чыкпайт белен?
30.12.2017. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
barakcha,сөздү да абайлап суйлосонуз болмок...ар бир инсан башына келгенде гана аттин кылат экенбиз! !!
31.12.2017. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арам акчага көпкөнда
31.12.2017. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asel1Aikol,мыйзамга озгортуу киргизууну сунуштады дейт.А эмнеге буга чейин канчалаган карапайым калкыбыз жол кырсыгынан каза болду,ошондо мыйзамга озгоруу киргизгиле деп сунуштаган жок!Же,соссуз эле оз башына келгенде суйлош керек беле?
30.12.2017. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Озу Каршы тилкеге чыгып бей куноо камаздын айдоочусун 10 кесилип кетти адилеттик кайда Министрби карапайымбы мыйзам бирдей иштесин!
31.12.2017. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Shekeev969798,чыкканын карап турдун беле?
31.12.2017. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
modem4999,
Темир өзү күнөөлүү болуш керек анткени любой чиновникпи министр, депутатпы буларда баары бир ыйман болбойт. Булар миллиондоп акча таап атканда эле кудайды да тааныбай калат. А тиги камаздын шоферунда чынында эле күнөө жок болуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: