super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан биротоло кете турганын жарыялады

 

Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов саясаттан биротоло кете турганын жарыялады.

“Кыргыз мамлекетинде демократиянын жана атаандаштыктын негизинде президенттик шайлоо өткөнүнө ар бирибиз күбө болдук. Бул өлкөбүздөгү стабилдүүлүк менен тынчтыкты чыңдоодо экс-президент Алмазбек Атамбаевдин салымы чоң.

Мен саясаттан, анын ичинде партиялык ишмердиктен, биротоло кетип жатканымды жарыялайм. Мындай чечим мен үчүн жеңил болгон жок, бирок азыркы кырдаалда жападан-жалгыз туура чечим болду деп эсептейм. Ошондой эле Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатымды да тапшырам. Партиябыздын тизмесиндеги кийинки талапкер депутат болот. Бул адилеттүүлүктү, акыйкатты орнотууга жол ачат.

Өзгөчө ыраазычылыгымды ооматта да, оор учурда да, мага ишеним көрсөткөн, мени колдогон командама, партиялаштарыма жана тарапташтарыма билдирем. Бардык саясий күчтөрдү биригүүгө чакырам, себеби биздин жалгыз гана мекенибиз бар, ал эми ар бирибиздин тилегибиз - өлкөбүздүн бакубаттуулугу. Менин командам менен колдоочуларымды саясий куугунтуктун куралы катары колдонулбашын суранам. Эгер мен тараптан кандайдыр бир саясий ката кетсе, ал үчүн жеке мен жооптуумун”, - деди Бабанов.

Эске салсак, 4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 25 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: