super.kg logo

Нью-Йоркто 12 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгынын келип чыгышына үч жаштагы бала себеп болгон

 

28-декабрь күнү Нью-Йорктун Бронкс аймагындагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн келип чыгуу себеби аныкталды. Өрт үч жашар бала электр плитасы менен ойноп жатканда чыгып кеткенин тергөөчүлөр жергиликтүү маалымат каражаттарына билдиришти.

Акыркы 25 жыл ичинде Нью-Йоркто көп адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы катары катталган өрттүн келип чыгышына үч жаштагы бала себеп болгон. Тергөөчү, комиссар Даниэль Нигронун айтымында бир аз убакытка кароосуз калган үч жаштагы бала капысынан өрт чыгарып ийген.

Баланын энеси батирден сыртка чуркап чыгып кетип ал батирдин эшигин ачык калтырган. Ошол учурда имарат өрттөнүп баштаган. Өрттөн 12 адам каза болуп бир жаштан жети жашка чейинки 4 кичинекей бала каза болгон.

Нью-Йорктун мэри Билла де Блазио "мындай коркунучтуу өрт Нью-Йоркто акыркы чейрек кылымдан бери болгон эмес, өрттөнүп жаткан үйдөн 12 адам каза тапты", - деп билдирген өз сөзүндө.

Жабырлануучулардын айтымында, өрт беш кабаттуу үйдүн биринчи кабатынан башталып өйдөкү кабаттарына чейин курчап калганын. Өрт өчүрүү кызматкерлери 3 минутада барышып, өрттү өчүрүүгө бешинчи даражадагы 170 кызматкер тартылган.

Өрттөн жабыркаган жашоочуларды убактылуу райондун мектебине көчүрүшкөн. Үйгө муктаждарга эл аралык Кызыл Крест коому тарабынын жардам көрсөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, кырсыктан каза болгон жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары жок экенин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан 29-декабрда кабарлашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
31.12.2017. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргыз жарандары жок эле жок дейсинер....шугур.
Болсо деле элчилик не кыла алат,даже соокту мекенге жонотуудо документ иштерине жардам бербейт,жонотуу бул жакта калсын
31.12.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Өрт өчүрүүчүлөр 3 мин.келди дейт.Биздикилер өрттөнүп эч нерсеси калбай калганда барышат го.
31.12.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Edelveis929317, Биздин орт очургучтор эрте эле барышмак.
ГАИлер откоздурбой туруп алатта Президенттин кортежи отуп баратса.
31.12.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бирде кайсы шаар экенин айтбай эле койоюн орт очуруучу комиссия келгенби айтоор базардын ичи менен орт очургон машина отуш керек болчу. Пожарная правила боюнча ал машина эч кандай тосколдуксуз базардын бир башынан кирип экинчи башына чыгыш керек. Коп болсо 150-200м болсо керек узундугу ровно 1саат 15минутада отту. Соода кылгандар чырылдап каргап журушот базарком жетим баладай эрчип алган, кыскасы коруп озун кулкун келет. Талапка жооп бербеседа очойтуп акчаны алып жооп берет деп кеттида.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: