super.kg logo
  Саясат  

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдө сүт тармагын өнүктүрүүгө багытталган мыйзамга кол койду

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдө сүт тармагын өнүктүрүүгө багытталган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу кечээ, 30-декабрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

27-декабрда Жогорку Кеңеш “Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамды 3-окууда жактырган.

Мыйзамга ылайык, долбоордун жалпы наркы Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын эсебинен каржылануучу 5 миллион долларды түзөт. Долбоордун 1-фазасы 3 жылдын ичинде ишке ашырылат. 5 миллион доллардын 2 миллион 25 миң сом – грант, ал эми 2 миллион 75 миң сом – насыя. Насыя 38 жылдык мөөнөткө берилет. Жеңилдетилген мөөнөтү 6 жыл. Пайыздык ставка – жылына 0,75 пайыз.

Долбоор Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүүгө тоют өндүрүү, ветеринардык кызмат көрсөтүү жана идентификацияны өткөрүү, ошондой эле дыйкандарга инвестициялык колдоо аркылуу көмөктөшүү максатында иштелип чыккан. Анын жүзөгө ашырылышы менен Ысык-Көл облусундагы фермерлердин потенциалынын бекемделиши, сүт азыктарын өндүрүү көлөмүнүн өсүшү күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: