super.kg logo

Жаңы жыл майрамында коомдук коопсуздукту 8 миң 500дөн ашуун милиция кызматкери камсыздайт

 

Жаңы жыл майрамына байланыштуу Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жарандардын өмүрүн, ден соолугун коргоо чаралары күчөтүлгөн негизде жүргүзүлөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, негизги маанилүү жайлар, стратегиялык кайтаруу жайлары коргоого алынат. Милиция кызматкерлери оюн-зоок жайларынын жетекчилиги менен жолугушуп, жарандарга коомдук коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.
"2018-жылдын 1-январына чейинки аралыкта ИИМдин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн республика аймагында 8 500дөн ашуун милиция кызматкерлери, Бишкек шаарында 2 500дөн ашуун милиция кызматкери иш алып барат. Мындан тышкары өз ыктыяры менен элдик кошуундун мүчөлөрү тартылат. Жаңы жыл майрамын белгилөө үчүн республикабыздын бардык аймактарында милиция кызматкерлери жарандардын коомдук коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыз кылууга багытталат. Мас абалында жүрүүгө, спирт ичимдигин жана айнек идишке суусундук алып жүрүүгө, металл идиш алып жүрүүгө тыюу салынат. Бул эрежелерди жарандар тиешелүү деңгээлде сактаса, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга ыңгайлуу болот. Жарандар топтолгон жерлерде өзгөчө сак болуп, өзүнүн коопсуздугун унутпаш керек", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.12.2017. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах Таала озгочо ушул жалан органдын адамдарына, сот, прокурор, милиция ж.б. ыйман-ынсап, чынчылдык, акты ак караны кара деп билуучу сезим берсин. Уй булолоруно тынчтык.
31.12.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бүгүнкү күн кадимки эле күн болуп эсептелинет бул жаңы жыл Мусулман эместердин майрамы Мусулмандардыкы эмес
31.12.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул "майрамга" эми деерлик 9000 ге жакын адам убара экен. Канча адам скорая помошь менен больницага тушот, канчалаган арак-шарап, ичкилик, уруш-талаш, коогалан, ызы-чуу, меенет менен табылган канчалаган акчалар бир минуттун ичинде тутун болуп асманга сапырылат, канчалаган ысрапкерчилик. Бул деги майрамбы озу!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: