super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Бабанов бизнес менен алектенип, социалдык долбоорлорду ишке ашырууга көңүл бурат"

 

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова Өмүрбек Бабанов бизнес менен алектене турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-декабрда SUPER.KG порталына билдирди.

Өмүрбекова белгилегендей, Бабанов өзүнүн кайрылуусунда Кыргыз мамлекетине кызмат кылып, инвестицияларды тарта турганын айткан. "Ал бизнес менен алектенип, социалдык долбоорлорду ишке ашырууга көңүл бурат. Бабанов мурда кандай иштерди активдүү жасап келсе, эми деле ошондой иштерди саясатка аралашпай жасайт", - деди Алтынай Өмүрбекова.

Эске салсак, кечээ, 30-декабрда Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан биротоло кете турганын жарыялаган.

4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: