super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Акылбек Осмоналиев президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды

 

Акылбек Осмоналиев президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Буга чейин бул кызматта иштеген Ренат Түлөбердиев премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалган.

Акылбек Осмоналиев 1964-жылы 10-августта Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Ноокат районунда төрөлгөн. Ал 1988-жылы Кыргыз айыл чарба институтунун зоотехник адистигин бүтүргөн. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юриспруденция адистигин бүтүргөн.

- 1981-жылдын 1-июлунан 1983-жылдын августуна чейин Ош облусунун Ноокат районундагы ат заводунун жумушчусу,

- 1988-жылдын июлунан 1989-жылдын августуна чейин аталган заводдун зоотехниги;

- 1989-жылдын августунан 1992-жылдын апрелине чейин Ноокат агроөнөр жай бирикмесин башкы адиси;

- 1992-жылдын апрелинен 1994-жылдын мартына чейин Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын референти;

- 1994-жылдын мартынан 1995-жылдын майына чейин №44 ат заводунун директорунун орун басары;

- 1995-жылдын майынан 1996-жылдын августуна чейин “Алике” дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- 1996-жылы Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын аппаратынын Агрардык маселелер боюнча комитетинин 1-категориядагы адиси;

- 1997-жылдын май айынан тартып аталган комитеттин референти;

- 1999-жылдын январынан декабрына чейин комитеттин эксперти;

- 1999-жылдан 2000-жылдын апрелине чейин Айыл жана суу чарба министрлигинин мал чарбасынын продукцияларын өндүрүүнү өркүндөтүү жана маркетинг департаментинин башчысы;

- 2000-жылдын апрелинен тартып Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орун басарынын жардамчысы;

- 2004-жылдын майынан 2005-жылдын апрелине чейин премьер-министрдин аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат башкармалыгынын уюштуруу иштери боюнча инспектору;

- 2005-жылдын апрелинен 2006-жылдын июнуна чейин Жогорку Кеңештин Агроөнөр жай комплекси жана экология боюнча комитетинин, Жер пайдалануу боюнча комиссиясынын ишмердигин камсыз кылуу боюнча бөлүмдүн башчысынын орун басары;

- 2006-жылдын июнунан 2009-жылдын январына чейин президенттик администрациясынын Экономикалык жана социалдык саясат секторунун эксперти;

- 2009-жылдын январынан тартып Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;

- 2012-жылдын февраль айынан 2016-жылдын апрелге чейин Улуттук статистика комитетинин төрагасы;

- 2016-жылдын апрель айынан өкмөттүн аппарат жетекчиси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: