Президент өлкөнүн 2018-жылга карата республикалык бюджети жөнүндө мыйзамына кол койду
2018-жылга бюджети боюнча мыйзамга ылайык, кийинки жылдагы казынанын тартыштыгы 20 миллиард 267 миллион 1 миң сом деп бекитилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына кол коюлду.
2018-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 140 миллиард 882 миллион сом болсо, чыгаша 161 миллиард 149 миллион сомду түзөт.
2017-жылы бюджеттеги тартыштык 21 миллиард 444 миллион сомду түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

