ЖЫЛНААМА, 1-ЯНВАРЬ: 49 жыл мурун "Сениби, шашпа!" мультфильминин эң биринчи бөлүгү эфирге чыккан
Мындан 49 жыл мурун “Сениби, шашпа!” мультфильминин эң биринчи бөлүгү эфирге чыккан. Анын режиссёру – Вячеслав Котёночкин, сценарийин жазгандар – Феликс Камов, Аркадий Хайт, Александр Курляндский, композитору – Виктор Бабушкин, ал эми үндөрүн коштогондор – Клара Румянова (Коён), Анатолий Папанов (Карышкыр), ошондой эле Геннадий Хазанов, Владимир Сошальский жана башкалар болушкан.
Тартуучу топ ишке киришкен соң 1986-жылга чейин мультфильмдин 1-16-бөлүмдөрү тартылган.
Папановдун өлүмүнөн кийин мультфильмди тартууну токтотууну чечишкен. Себеби карышкырдын кайталангыс образын ал адамдан башка эч ким жарата алмак эмес. Бирок үн жазуучу студиянын архивинде Папановдун үнү жазылып калган. Монтаждын жардамы менен сөздөрдөн сүйлөм курап отуруп дагы эки бөлүм тартууга мүмкүнчүлүк пайда болуп, 1994-жылы 17-бөлүм, 1995-жылы 18-бөлүм жарык көргөн.
Акыркы 19-20-бөлүмдөрдү жаратуу да планда болбогон. 2005-жылы режиссёр Вячеслав Котёночкиндин уулу Алексей “Кристмас Филмз” компаниясынын жардамы менен популярдуу мультсериалдын уландысын тартууну чечкен. Мында карышкырдын үнү менен белгилүү пародист Игорь Христенко сүйлөсө, коёнду Ольга Зверева аткарган.
1-январга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:10
2025-07-17

11:17
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Krai

01.01.2018. 14:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Любимый мультик
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.