super.kg logo

Дүйнө жүзүндө Жаңы жыл түнү асманга атылып көздүн жоосун алган майрамдык салюттар

 

Көптөн күткөн жаңы 2018-жыл да кирип келди. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү бул майрамды шаңдуу салтанат менен тосуп алышты. Жылдын эң негизги майрамы адаттагыдай эле салтка айланып калган майрамдык салюттар менен коштолду. Жаңы жылды утурлай кайсы өлкөдө кандай майрамдык салюттар атылганына көз салып көрөлү.

1. Дүйнөлүк рекорд жаратуудан тажабаган Дубайда бул ирет Жаңы жылда адаттагыдай майрамдык салют атылбастан лазердик шоу орун алган.10 миңдеген адамдар эң бийик имараттардын бири Бурж Халифа мунарасынын бетине түшүрүлгөн ири лазердик шоу көргөзмөсүнө күбө болушту. Бул лазердик шоу "Гиннесстин дүйнөлүк рекорддор" китебине кирди.

2. Күн чыгыш өлкөсү аталган Японияда да майрамдык салют мыкты деңгээлде уюштурулуп, көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрдү. Фудзияма жанар тоосунун фонунда катары менен атылган салюттар элге өзгөчө сезим тартуулап, кирип келген жыл аталган өлкөдө "Чечкиндүү кадамдарды жасоонун жана аракет кылуунун жылы" деп белгиленген.

3. Миллиондогон көрүүчүлөр назар салып турган майрамдык фейерверк Гонконгдо да болду. Асман тиреген имараттардан жана суу бетине жайгаштырылган атайын жерлерден атылып чыккан түстүү боёктуу салюттар көрүүчүлөрдү масштабдуулугу менен таң калтырбай койгон жок.

4. Ал эми Сиднейде Жаңы жылдык салюттар көпүрөдөн асманга атылды. Мындай укмуштуудай көрүнүшкө күбө болуу үчүн көрүүчүлөр кемелерге түшүп, көпүрөгө жакын келишкен. Салюттан тышкары көпүрө да түстүү өңдөргө кубулуп турган.

5. Англиянын борбор шаары Лондондо уюштурулган майрамдык салют да башка өлкөлөрдөн кем калышкан жок. Асманга атылган түстүү жарыктар суу бетине чагылышып өзгөчө көрктүү болуп турган.

6. Бишкек шаарында Жаңы жыл түнү асманга атылган салют да өзүнүн кооздугу менен көбүн суктандырды. Майрам күнү асманда 10 мүнөттөй түркүн түстүү жарыктар жанып турду. Мындан сырткары шаар тургундары жана коноктору үчүн майрамдык концерт уюштурулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
02.01.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дубадыкы укмуш болуптур. Бирок оронгон келиндер да укмуш бийлеп жаны жылды жакшы тосушуптур го. Алар дин жолун терендеп тандап намаз окушса жаны жылга ушунчалык кызыгабы? Кыргыздар азыр коп деле белрилебей калышты. Дээрлик айылдагылар
02.01.2018. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаны жыл бул христяндарды исламды буддисттерди жана башка динди жамандай турган майрам эмес. Тушунгон киши тушунот, тушунбогону арабтардын жана биздин чала молдолордун приказы менен жашап журо берет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: