super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин кароосуна 5-каналдын парламенттик канал деген макамын жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоору киргизилди

 

Жогорку Кеңештин кароосуна 5-каналдын парламенттик канал деген макамын жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоору киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоордун демилгечиси Дастан Бекешев. Маалыматка ылайык, 2010-жылдын 20-майында Убактылуу өкмөттүн декрети менен 5-канал жабык акционердик коомунун уюштуруучусу болуп саналган "Жыйырма бешинчи кадр" ачык акционердик коому улутташтырылган.

"Парламент “Пирамида” телеканалы аркылуу онлайн режиминде көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн алды. 5-канал юридикалык жактан да, иш жүзүндө да парламенттик телеканал болгон жок. “5-канал жабык акционердик коому жөнүндө” мыйзам актуалдуулугун жоготту жана бүгүнкү күндүн чындыгына жооп бере албайт. Мындан тышкары Жогорку Кеңеш ишин чагылдыруу боюнча өзүнүн максатына иш жүзүндө жетишти. Өкмөт 5-канал жабык акционердик коомунун активине баалоо жүргүзсүн жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ишке ашырсын. Мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө салбайт. Экономикалык, экологиялык, гендердик, укуктук, укук коргоо жана коррупциялык экспертиза өткөрүүнүн зарылчылыгы жок. Анткени мыйзам долбоору жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогон мыйзамды жокко чыгарат", - деп жазылган мыйзам долбоордо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: