super.kg logo

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Калмаматов 45 жашында каза болду

 

Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-январда SUPER.KG порталына аталган фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 1-январда кечинде Калмаматов инфаркттан улам каза болгон. "Жыргалбек Калмаматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Алай районунун Гүлчө айылында эртең, 3-январда саат 12:00дө өтөт", - деди Баатырбеков.

Жыргалбек Калмаматов 1972-жылдын 22-декабрында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. Ал 1993-жылы Финансы-экономикалык техникумунун салык инспектору адистигин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1993-жылы бизнес чөйрөсүндө жеке ишкерликтен баштап, аны 2002-жылга чейин уланткан.

- 2002-2004-жылдары "Темир" мамлекеттик ишканасынын директору;

- 2004-2010-жылдары "Коңурат" ассоциациясынын башкы директору;

- 2010-2015-жылдары "Агромет" жоопкерчилиги чектелген ишканасында башкы директору;

- 2015-жылы "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, тогуз баланын атасы.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жыргалбек Калмаматовдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
02.01.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
жакындарына сабыр ,кайрат айтамын.Аллах билип билбей кылган куноолорун кечирип,оз ырайымына алсын
02.01.2018. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
9 баланын атасы дейби эх жаман болгон экен жакындарына сабыр тилейм
02.01.2018. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ото жакшы адам эле элдин уулу эле. 9 баласы бар экенин билбептирмин балдарынын омурун берсин. Жайы жаннаттан болсун.
02.01.2018. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы адамдарды ушинтип эрте алып кете берет экен дааа
02.01.2018. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым Бейишин берсин! Бирок бул адам инфарк болушу мумкун эмес эле!
02.01.2018. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бай эле ден соолугу жакшы адам эле.Байлыгы калды аттин.Ошол учун байлыка азгырылбаш керек ото эле.Коп адамга жылда зекет берчуу бул адам
02.01.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Адамдын канчалык туйшук тартканын чачынан билсе болот,аттин чачы пачти баары ак басыптыр,Кудайым ал чыныгы жашоосунан Жаннаттан оорун берген болсун,ал дуйно учун чачтын бут баары агарып кетсе сурак соболу женил болот деп укканым бар,тууганбарына терен кайгыруу менен конул айтам,сиздерге Аллах Таалам Сабыр берген болсун,сабырдуу болунуздар?
02.01.2018. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Eli.91,кее бир адамдардын чачы нарагынан ак болот.
02.01.2018. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми кеп чачинда эмес туугандар!Отто бай элим деген киши эле элден коооп бата алат эле.....Эх аттин дунуйоо....Бейиши болсун!!!Калган омурун балдарына берсин!!!отто окунучтуу кабар!!!!
03.01.2018. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
03.01.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жогоруда айрымдары маркумду жакшы адам болчу деп отуптур, эми аларга жакшылыгы тийсе тийген чыгаар, бирок маркум жалпы кыргыз эли учун жакшылык кылган эмес...

До срочно референдум откоруу, Кумтор, чек араны ратификациялоо, жолок пул, 4 пансионатты Озбекистанга откоруп беруу ж.б. толгон-токой, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген мыйзамдарды "ляппай" деп колдоп берип келген. Монгулорду талкалоого уруксат берген мыйзамды да колдоп, элге чыккынчылык жасагандардын бири...
04.01.2018. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Too-tash,билип билбей жазганын туура эмес. Интернетте отуруп бироолорду сындап жамандаган бекерчи эмес, колунда жок бей бечараларга жардам берип эли учун куйгон адам, эл учун кызмат кылган кыргызымдын азамат уулу эле деп билебиз.
04.01.2018. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун, жайы жаннаттан болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: