ӨКМ: "Катуу шамалдан жабыркаган айылдарга шифер жөнөтүлдү"



Катуу шамалдан жабыркаган айылдарга шифер жөнөтүлдү. Бул тууралуу кечээ, 2-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кант шифер заводунан 4760 даана шифер жүктөлүп, Ала-Бука районуна кетти. Жалпысынан ӨКМ унаалары менен 6740 даана шифер жөнөтүлдү.
Ал эми Талас облусуна 1210 даана шифер жүктөлүп жөнөтүлдү.
Эске салсак, 27-декабрда түнкү саат 3:00 чамаларында өлкө аймагында катуу шамал катталган.
Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда ылдамдыгы секундасына 30 метрге жеткен катуу шамалдан 530 үйдүн жана 17 социалдык объектинин чатыры зыян тарткан.
Талас облусунун Кара-Буура, Манас жана Бакай-Ата райондорунун аймагында 400гө жакын турак үйдүн, 30дай мекеменин чатыры жабыркаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:10
2025-07-17

11:17
2025-07-17

Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
almanbetperm

03.01.2018. 08:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол жабыркагандарга жетсе экен,жолдо эле жок болуп кетпей
gumigumi1990

03.01.2018. 21:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жетет эле 2016 Лейлекте шамалдан жабыркагандарга таратып беришкен.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.