Кыргыз мамлекетинде быйыл өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата “Мыктылар китеби” чыгат. Бул тууралуу маалыматты иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.
Маалыматка ылайык, китепке Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып, мыкты көрсөткүчтөргө жетише алган оюнчулардын ысымы жазылат.
Белгилей кетсек, 15-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 2018-жылы өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын презентациясы өткөн. Ири масштабдагы иш-чараны өткөрүү үчүн 307 миллион сомдон ашык каражат жумшала турганын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кабарлаган. Эске салсак, I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-жылы кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде орун алган. Ал эми II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылы чоң масштабда өткөрүлгөн.
Анан калса Стивен Сигал ж.б. акча берип чпуыртканынарды да тартынбай айтып отсон болот...
Баса, Кыргызстан кочмондор оюну аркылуу эмес, тонкоруштор, бай атандын дооругон создору, коншулары менен мамилесин бузганы аркылуу дуйного таанылып жатат...
Сен кочмондор оюнун кышкы-жайкы олимпиадалапга салыштырбай эле кой, олимпиадага катышууга уку алуу учун спортчу канчалаган сыноолорду женип чыгышы керек экендигин билет чыгаарсын... Олимпиаданы оз олкосундо откоруу учун олколор арасында конкуренция болоорун танбастырсын...
А эмне учун кочмондор оюнун башка олколор откоргусу келбейт, популярдуу э