Хабиб Нурмагомедовдун иниси UFC менен келишим түздү
Эрежесиз уруштун эң беделдүү мелдеши - UFC уюмунун мушкери Хабиб Нурмагомедовдун иниси Абубакар Нурмагомедов UFC уюму менен келишим түздү. Бул тууралуу Хабиб Нурмагомедов социалдык тармактагы баракчасында жазып чыкты.
"Эми бул сүрөттө UFC уюмунун 4 мушкери" деп жазган сүрөттүн астына Хабиб Нурмагомедов.
Сүрөттө Хабиб Нурмагомедовдун сол жагында Дэниел Кормье, оң жагында Абубакар Нурмагомедов жана Ислам Махачев.
Маалымдай кетсек, 28 жаштагы Абубакар Нурмагомедов буга чейин "Professional Fighters League" уюмунда күч сынашкан. Ал эрежесиз уруш боюнча жалпы 15 беттеш өткөрүп, анын эсебинде 14 жеңиш жана 1 жеңилүү жазылган. Абубакар Нурмагомедов UFC уюмундагы алгачкы беттешин Бразилияда 3-февралда өткөрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.