super.kg logo
  Спорт  

Кыргыздын 2 балбаны катышкан мелдеш 2017-жылдагы дүйнөнүн мыкты беттеши деп саналды

 

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыздын 2 балбаны катышкан мелдеш 2017-жылдагы дүйнөнүн мыкты беттеши деп саналды. Бул тууралуу бириккен дүйнөлүк күрөштүн маалымат кызматы билдирет.

Анда, Кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен АКШлык Камал Амир Баинин жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугундагы беттеши дүйнө рейтингинде 2-орунду ээледи.

Эске салсак, Акжол Махмудов 74 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жарым финалдык беттеште жаракат алганы менен, финалдык беттешке чыккан. Ал америкалык балбанга туш келип бир нече ыкманы колдонуп, атаандашын кулатууга аракет кылган. Беттештин жыйынтыгында Амир Баи 16 упай топтоп Акжол Махмудовдун үстүнөн жеңишке жеткен. Амир Баи алтын медалын тагынса, Акжол Махмудов күмүш медалга ээ болгон.

Акжол Махмудов менен Камал Амир Баинин беттеши

Тайбэйде өткөн жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда Кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков менен түркмөнстандык Сейдилла Тазаевдин таймашы Дүйнөнүн мыкты беттеши болуп, рейтингде 1-орунга татыды.

Финалга чыгуу үчүн беттеште эки балбан мыкты ыкмаларды колдонуп, бири-бирин көтөрүп чаап, упайларды топтошкон. Беттештин жыйынтыгында Кыргыз балбаны 10 упай топтосо, Түркмөнстан балбаны 17 упай топтоп финалга өтүп кеткен. Ал эми Тынар Шаршенбеков коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алып, 3-орунду ээледи.

Тынар Шаршенбеков менен Сейдилла Тазаевдин беттеши

2017-жылдын грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн мыкты 3 беттеши






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
03.01.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар Кыргызымдын жигиттери
03.01.2018. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайдан мыкты, жыгылып калып мыкты боло береби. Америкалык мыкты болду. Бул жерде дагы коррупция болуп жатат го мыкты деп.
Taalaibek. түзөттү 2018-01-03 19:08:06
03.01.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экобу тен утулуптур. Анан мыкты деп коюшат дагы.
03.01.2018. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek.,ушунча балбандан экинчини алган азаматтык эмей эмне анан. Ушу адамдарга тан калам озунор уй булонорду аран багасынарда озунчо кыйын боло каласынар. Силерге окшогон кыйынсынгандардын айынан кыргыздардын кыздары ар жерде кор болуп журушот.
05.01.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek., urmat94, жеке айтышууларга жол берилбейт.
05.01.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ ХХХХ муну эмне кыргызстан чыгардыбы дуйнолук деп туратко
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-01-05 16:37:23
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: