2017-жылы өлкөдө чакан насыя алгандар көбөйдү. Эң көп алгандар Ошто
2017-жылы өлкөдө чакан насыя алгандардын саны 21 пайыздан жогору болду. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2017-жылдын 9 айында насыя алгандардын саны 214 миңге жетип, мурдагы жылга салыштырмалуу 38 миң адамга көп болгон. Чакан насыя берүүчү компаниялар керектөөчүлөргө 12 миллиард 151 миллион сом бөлүшкөн.
Жарандар алган чакан насыяны зарыл болгон муктаждыктарды чечүүгө, соода-сатык, коомдук тамактануу, айыл чарбасы тармактарына, транспорт каражаттарын сатып алууга пайдаланышкан.
Ал эми чакан насыяны алып, төлөй албай жүргөн жарандардын карызы 12 миллиард сомдун тегерегинде болууда. Комитеттин маалыматына караганда, чакан насыяны эң көп алгандар Ош облусунун тургундары.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:10
2025-07-17

11:17
2025-07-17

Рейтинг:
-1

Берсе да кайтарып алгыдай проценти жок адалды арамга аралштырбаш керек эле...
Ислам дининде куноо экенин билип туруп мындай кадам чон куноо экенин ар бирибиз моюнубузга алышыбыз керек туугандар.
Эртен Аллах Тааланын алдында баарыбызга тиешелуу болот.
Токтотолу!!!