super.kg logo
  Саясат  

Турсунбек Акун: "Мени отставкага кетирем дегендер токтолбосо, алардын айыбын ачам"

 

Акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, анда Азиз Батукаевдин окуясына күнөөлүү кылып, Феликс Кулов, Турсунбай Бакир уулу баш болгон бир катар депутаттар аны кызматынан кетирүүгө аракет кылып жатышканын айтты. Бийлик мени эң башкы паракор кылып койду. Алар Батукаевди өздөрү бошотуп жиберишип, эми менин аброюма шек келтирип жатышат. Менин жалгыз кемчилигим – Батукаев оорулуу жана өлүп калышы мүмкүн деп айтканым. Бул үчүн мени кечирип койгула. Башка жагынан мен тазамын,- деди акыйкатчы.  

 

Акун оппоненттерин өзүнө тийишпөөгө чакырды. “Эгер менин аброюма шек келтиришсе, мен да алардын аброюна доо кетирем. Мага баары маалым, саясатта жүргөнүмө 20 жыл болду. Мени отставкага кетирүүгө аракет кылышса, анда мен баарын ачыкка чыгарам, алардын айыбын аччу бардык далилдерим бар. 2018-жылга чейин ыйгарым укуктуу акыйкатчымын. Ким кимди кетирерин дагы көрөбүз. Мен көчөдөгү эле бир адам эмесмин, төрөлгөндөн эле акыйкатчымын”,- дейт Акун.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: