super.kg logo

Трамп АКШнын өзөктүк баскычы Түндүк Кореяныкынан кыйла чоң экенин билдирди

 

"АКШнын өзөктүк баскычы Түндүк Кореяныкынан кыйла чоң жана кубаттуу", - деп Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын өзөктүк курал жөнүндөгү билдирүүсүнө жооп кылып интернеттеги жеке баракчасына жазды.

"Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзөктүк баскычы дайыма столдун үстүндө экенин билдирди. Балким, кимдир-бирөө анын ачарчылык каптаган режимине менде дагы өзөктүк баскыч бар экенин жана ал кыйла чоң жана кубаттуу экенин, ошондой эле анын иштей турганын айтып коёр", - деп жазды Трамп.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жаңы жылдык кайрылуусунда анын столунда өзөктүк баскыч бар экенин жана ал Кошмо Штаттардын бардык аймагына чейин жетерин эскерткен.

Курал Пхеньянга коркунуч жаралган учурда гана пайдаланыларын айткан Ким Чен Ын Түндүк Корея Сеулга сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүүнү сунуштап, өлкө Пйоңчаңдагы кышкы Олимпиада оюндарына катышууга кызыкдар экенин айткан.

Түштүк Корея бул боюнча Пйоңчаң менен 9-январда жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштады.

Маалымат үчүн: Өзөктүк баскыч деп өзөктүк куралды колдонуу үчүн коддорду сактаган жабдуу аталат. Ал мамлекеттин жогорку саясий жана аскердик жетекчилеринде болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
03.01.2018. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баскыч ,баскыч басса эле баары бүттү деп мактанышат эки өлкөнүн лидерлери.Аларды жаш балдар ,аялдар ,эл деген нерселер кызыктырбайбы ....Ортодо канчалаган бей күнөө адамдар өлүп кетет .
Meruet84 түзөттү 2018-01-03 23:32:17
03.01.2018. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акыр замандын авторлору турбайбы булар.Оюндан от чыгат болуп чыгып кетпесе болду.
04.01.2018. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушулардын бомбасы тажатты да, тынч эле жашай беришпейби. Кайсыл гана олко тынчтыкты каалабасын...
04.01.2018. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Колдон келсе бир жерлерине тыгат элем ракеталарын!!!буткул дуйно эли ушул мразматиктерден коз каранды болуп калганы абдан окунучтуу
04.01.2018. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушу Трамп жаман женил адам да...секирем жейм олтуром деп эмоцианалдуу.токтооо болсо
04.01.2018. 06:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эки жаш баланын урушканындайго менин мындайым бар дегендей
04.01.2018. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Трамп менен биздин АШАнын мүнөздөрү аябай эле окшошда, качан көрсөң балп дегенин угасың. Кореяда Америка да баскычтарын жоготуп алышпаса эле болгону биздин Турсунбай Акунга окшоп.
04.01.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Суйлойт десе суйлой бересинерби? Чоң дегени, АКШ атом ресурстары КНДРдыкынан алда канча коп дегени, жана ал туура. КНДРде жузго жетпеген ракета болсо АКШда миндеген ракетасы бар. Чычкан менен мышыктай эле болуп жатышат. АКШ бут ракетасын КНДРга учурса эмне болоорун ойлонот бекен КНДР. Жер аянты да АКШ дээрлик 100эсе чон КНДРдан. Акшнын бир штатына да тен келбейт.
04.01.2018. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
КНДР кытай эмеспи
04.01.2018. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Karban86, Кытайың КНР болот.
04.01.2018. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айылдагы Момунжан аксакалдыкы чон керек болсо
04.01.2018. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Трамп Обамадан ототго
04.01.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул КНДР алына карап иш кылбай бирдемени баштабаса болду. Кудай сактасын дуйнону.
04.01.2018. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КНДРдин ишенгени Россия мн Кытай болуп атат . Бул Ким Чин Пындын понту казак мн кыргыздардан дагы отуп кетти. Отуруп алып кедейлике белчесинен баткан элин ойлобой эле баскычын кайра кайра мактанганы мактанган. Калкы ачкачылыктан оорудан сабатсыздыктан бери чыкпайт. Дагы анча мынча кыргыздардын шилекейи куйулат бизде да ушундай лидер болсо деп))) Атасы куйгузгону аз келгенсип баласын дагы укмуш дуйнонун 8чи керемети
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: