super.kg logo
  Саясат  

Депутат Зулпукаров: "Авиакомпаниялардын жоопкерчилигин караш керек"

 

"Авиакомпаниялардын жоопкерчилигин караш керек", - деп бүгүн, 4-январда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.

Ал аба ырайы кандай боло турганын 1 ай мурун билсе болорун айтты.

"Жол боюнча көп маселелер айтылып жатат. Ошол эле учурда туура эмес маалыматтар кетип жатат. Жол ачык, тыгын жок деген маалыматтардан улам жүргүнчүлөр жолго чыгып алышкан. Туура маалымат берүү керек. Аба ырайын 1 ай мурун эле билип койсо болот. Туман болот же болбойт деп. Жүргүнчүлөр кыйналып кетти. Авиакомпаниялардын жоопкерчилигин караш керек. Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде аэропорт, жол маселеси боюнча карап көрсөк. Ошондой эле аэропорттордо чек ара кызматкерлери жарандарга туура эмес мамиле жасап жатканы нааразычылык туудуруп жатат. Аэропорттордун абалын карап көрүү керек", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: