super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 4-ЯНВАРЬ: Мындан 8 жыл мурун Дубайда 164 кабаттуу, дүйнөдөгү эң бийик "Бурж-Халифа" имараты ачылган

 

Дубайда 164 кабаттуу, бийиктиги 828 метр келген дүйнөдөгү эң бийик имарат "Бурж-Халифанын" ачылышы 2010-жылы 4-январда болуп өткөн. Дүйнөдөгү эң бийик имарат тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

Эгерде сиз имараттын сырты эле кооз деп эсептесеңиз, анда "Бурж-Халифанын" ичин көрө элексиз. Айланага көз салчу атайын аймак 452 метр бийиктикте жайгашкан. Жалпысынан имараттын ичинде 164 кабат бар, алардын ичинен бирөө жер астында. Имараттын ичинде 58 лифт бар, алар секундасына 10 метр ылдамдык менен жүрүшөт. Мындан сырткары "Бурж-Халифада" 2957 орундуу унаа токтотуучу жай, 304 мейманкана жана 904 батир бар.

Имараттын долбоору америкалык "Skidmore" компаниясы тарабынан иштелип чыккан. Чикаголук инженерлер үч бурчтуу жылдыздай болгон атайын таянгыч структураларды ойлоп табышкан. Имараттын курулуш иштерин түштүк кореялык "Samsung Engineering and Construction" ишканасы жүргүзгөн.

"Бурж-Халифа" дүйнө жүзүндөгү эң бийик жана эң көп кабаттуу имарат болуп эсептелет. Ошондой эле дүйнөдөгү ылдамдыгы эң жогору лифттер менен жабдылган.

Ири имараттын курулушу дээрлик 6 жылга созулуп, ага 1 миллиард 500 миң доллар сарпталган. Курулуш жүрүп жаткан аянтта бир маалда 12 000 жумушчу эмгектенген. Ачылышына 6 миң адам катышып, майрам фейерверктер менен коштолгон. Ачылыш аземинин түз эфирден берилишин дүйнөнүн 2 миллиарддан ашуун адамы көргөн.

Дайыма күнгө чагылышып, таза болуп турган 26 000 айнек терезени атайын машинелер тазалайт. Бул ишке 36 адам тартылган. Атайын жумушчулар салмагы 13 тонна болгон машинелерди башкарып, терезелердин тазалыгын камсыз кылып турушат. Машинелер үчүн имараттын сырткы бетинде атайын темир жол орнотулган.

4-январдын жылнаамасы.






"Бурдж Дубай" имаратынын ачылышы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
04.01.2018. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ Араб туугандар ары жагынарда Африкада канчалаган адамдар ачкадан олуп жатышат. Ошолорго жардам катары кетирсенер болмок акчанарды Жараткандын ыраазычылыгын алмаксынар.

04.01.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арабдар мыкты
04.01.2018. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арабтардай калк жок кайрымдуулук жагынан бир айылда суу чыгарып жатса бирисинде фап мектеп мечит салып жатат рахмат ошолорго
04.01.2018. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дубай кандай керемет шаар.Чиновниктери элдин алкышын алгандар,биздикилер каргышка калгандар.Барсан элге деп баарын жасаган акчаны жеген эч ким жок.Баары кичи пейил
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: