super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Бабановдун ордуна депутат болуп Абдыбек Дүйшалиев келиши мүмкүн

 

"Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясына Өмүрбек Бабановдун ордуна депутат болуп Абдыбек Дүйшалиев келиши мүмкүн", - деп бүгүн, 4-январда SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, бул тизме боюнча өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Ошондой эле Осмоналиев БШКга Бабановдун мандатын тапшырганы боюнча расмий арыз түшө электигин айтты.

Абдыбек Дүйшалиев 2014-жылы Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору болуп эмгектенген.

Эске салсак, 30-декабрда Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан биротоло кете турганын жарыялаган.

4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: